www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыздардын кыжырын кайнаткан кыргыз жигиттеринин 12 сөзү

Жазгүл Урманбетова 13-январь 2018, 18:06

Коом


Кыздардын кыжырын кайнаткан кыргыз жигиттеринин 12 сөзү

Макалада бир эле адамдын оюу чагылдырылбайт, сурамжылоонун негизинде келип чыккан жыйынтык десек да болот.

1. Алгач эле: » Кыздар, кыргыз жигиттеринин кандай сөздөрү силердин жиниңерди кайнатат»,- десек, баары бир ооздон: “базар жок, таш, теке, от души, ауфф» анан «жилка жокпу общение кармаганга?”,- деп айтышты.

Балдар, бай кыргыз тили бар, жакшы билбесеңер орус тили бар. Бирок баягы, таш, текелеген сөздөрдү укканда «кыргыз тилинин грамматикасы» же болбосо «кыргызча туура сүйлөйбүз» деген китепти белек кылгың келип кетет. Сураныч, биз менен андай  тилде баарлашпай эле койгулачы.

2. Азыр 5 мүнөттөн кийин чалам.

Кыздар, билбейм силерге кандай…  Бирок, мен балдардын азыр 5 мүнөттөн кийин чалам деген «фразасын» абдан жаман көрөм. Анткени,  алардын 5 мүнөтү бир-эки саатка чоюлуп кете берет, а сен отур, телефонду кучактап: «качан чалар экен»,- деп.

3. Экөөбүз үйлөнөбүз. Мен сени күзүндө алам.

Ооба, 5 жолу үйлөнүп, 10 бала төрөйбүз. Негедир кээ бир балдар «экөөбүз үйлөнөбүз»,- деген сөздү «мен сага балмуздак алып берем»,- дегендей оңой айта беришет, эң башкысы ишенип алып, мага окшоп ата-энеңерге: «быйыл күйөөгө тийем»,- деп сүйүнчүлөп айтып албагыла, уят болосуңар айтып койойун.

4. Ал менин классташ кызым/группалашым/ тууганым/эжем.

Негедир кээ бир балдар абдан кыз жандуу болушат деле, классташ, группалаш, тууган-туушкандары көп. Кээде түшүнбөй да кетесиң. Бирок, чын-чынына келгенде, бул ар бир жигиттин жакшы көргөн «отмазкасы» болсо керек ээ.

5. Мен дота ойнобойм.

Эми бул сөздү айткан балага такыр эле ишенбей койсо болот. «Мен дота ойнобойм» же болбосо » компьтердик клубка экинчи барбайм»  дегени кыздардын «экинчи кечикпейм» дегенине эле окшош. Чындыкка такыр жатпайт.

6. Сени алгандан кийин окууңду уланта бересиң, тоскоолдуктар болбойт.

Турмушка окууну бүтпөй чыккан кыздын атынан айтып жатам, «бул калп». Күйөөң аракет кылган күнү деле,  көр турмуштун айынан  толук кандуу билим алууга мүмкүнчүлүк болбойт. Анткени, сен кыз эмессиң, сен келинсиң, жубайсың.  «Дипломду эптеп эле колго алсам болду эле»,- деген принцип менен окуп каласың.

7. Мен дайыма сенин жаныңда болом.

Ооба: «кыйын учурда таштап кетпейм»-, бул сөзду ар бир бала айтат, бирок тажрыйба көрсөткөндөй, арасында бир-экөөсү гана өз сөзүнө турат экендигин белгилей кетүү керек.

8. Мага дагы бир мүмкүнчүлүк берчи, болду андай кылбайм.

Кызыгы, бул мүмкүнчүлүктөрдүн саны сиздин жумшактыгыңыздан жана  сүйүүүңүздүн күчтүүлүгүнө жараша өсө берет экен. Билген белеңиз?

9. Сен өзгөчөсүң.

Жөн гана тактоо. Бул сөздү ар бир бала жашоосунда канча кызга айтат болду экен жана канча кыз чын эле ишенет.

10. Сен мурун каякта жүрдүн эле, эртерээк жоолуксак баары башкача болмок.

Бул сөзду кошпой кетүү болбойт. Анткени балдар бул фразаны ушундай ишендире айтат дейсиң,  кыздар: » ии байкуш, чынында эле эртерээк жоолуксак баары башкача болмоктур»,- деп ойлоп калат.

11. Сен боёксуз эле сулуусуң.

«Мен боёнбой сулуу болсом, сен неге башка тонналап бетине боёк жапкан кыздарды карайсың»,- деп айткың келет да.Бирок, айла жок: «ии бул айта берет да»,- деп, жолугаардын алдында баары бир көздү чийип, оозду бойойсуң.

12. Ой, мен жазбайм ал кызга, ал өзү жазат, өзу чалат, жабыша берет.

Эгер кыргыз кыздарынын абдан намыскөйлүгүн эске алганда, анда, бул абдан шектүү көрүнүш экендигин белгилей өтүү керек. Себеби кечке эле өзү жаза берген кыздар дээрлик жок. Айтор балдар, калпыңар чыгып калды, эми башка актануу табышыңар керек.

Булак: "Sakal.kg"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549