www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Бек Борбиевди сүйгөн бийчи кыз Калашников мылтыгы менен атып...

Гүлжан Шерипбаева 13-январь 2018, 17:19

Маданият жана адабият


 ВИДЕО - Бек Борбиевди сүйгөн бийчи кыз Калашников мылтыгы менен атып...

Жыл башында азыркыга чейин кыз-келин дебей суктандырган КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев кыргыз элине өзүнүн кезектеги отчёттук концертин тартуулаган. Так ошол концертте, Бек мырзаны сүйгөн айымдар залда "я рожу только для него" деп, ач кыйкырык салгандарына күбө болдук.

Баарынан дагы ошол концерттин көркүн ачкан, курсак бийин катыра бийлеген «Клондогу» каарман Жадиден ашса ашкан, бирок кем калбаган бийчи, Перизат Тургунбаеванын сахнада кыймыл-аракети көпчүлүк айымдарга жакпаганы менен эркектердин көзүн ойнотту. Ал эле эмес Ошко да Бек мырзаны жандап барып, концертке келген Оштук мырзалардын бүйүрүн кызытып кайтты.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак бийчи кыздын көз карашынан, кыймыл-аракетинен, жасаган мамилесинен ырчы мырзага болгон сүйүү сезими бар экенин байкагандар жок эмес. Ал эми Бек мырза мындай жаш кыздын сүйүү сезимине «жаш кызда» дегенсип таң бербегендей... Анткени мындай жаш селкилердин сүйүү сезими кериле баскан Бек мырзага көнүмүш адаттай...

Кулак кактыбы айтор, Бек мырза "болду эле болду, мен кайната  болдум" деп сахнада күйөрмандарына жар сала ырдады.

Эми бийчи кызга кайтсак учурда чыгармачылык менен бирге эс алууну да айкалыштырып жүргөн Перизат ээн талаада Калашников мылтыгын мыйзамсыз алып, атып ойногон видео материалына күбө болдук. (Төмөндөгү шилтемени басыңыз) https://www.instagram.com/p/BdslHv6Fvzo/?taken-by=pery_turgunbaeva 

Бийчи кыздын колуна мылтык алууга ким уруксаат берген? Бул тууралуу биз Перизат менен жакынкы күндөрү кеңири маекте сөз кылмакчыбыз.

Аруужан  Булекбаева, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549