www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бектемир Төлөн: "Жүргөндүр арабызда, Күнөөлүү азабызга, Мыйзамсыз байлык тапкан"

Перизат Кутманалиева 13-январь 2018, 14:18

Коом


Бектемир Төлөн: "Жүргөндүр арабызда, Күнөөлүү азабызга, Мыйзамсыз байлык тапкан"

Фейсбук колдонуучусу Бектемир Төлөн Дача-Су айылында авиа кырсыктан шейиттерге ыр арнады.

Бүгүн интернет айдыңынан Дача СУ да шейит кеткендерге эстелик орнотулду деген маалыматты көзүм чалып калды. Көзүмөн жаш айланып, көкүрөгүм ыйлап, эскерүү ыр чиймелей салдым дейт автор өз сөзүндө.

Дача СУ шейиттерине. (Реквием-эскерүү)

Бешикте бала кетти,

Аруудай таза кетти,

Мемиреп уктап жаткан.                                                                                                                    

 

Жар кетти уул кызын,                                                                                                                        

Кем кылбай ашын, тузун,                                                                                                        

Алпештеп, сүйүп баккан.

 

Карылар дагы кетти,

Айылдын багы кетти,

Ар кечте жомок айткан.

 

Жуп кетти жаңы үйлөнүп,

Жашоого эми үйрөнүп,

Махабат даамын таткан.

 

Күнөөсүз шейит болду,

Барганы бейит болду,

Кулаган ал учактан.

 

Бейкүнөө жаза болду,

Келгендер каза болду,

Бак издеп алыс жактан.

 

Жүргөндүр арабызда,

Күнөөлүү азабызга,

Мыйзамсыз байлык тапкан.

 

Бир ууч дүнүйө деп,

"Баарысы үйүмө" деп,

Уятын, арын саткан.

 

Өмүрүн бейкүнөө элдин,

Жалгыз бой энелердин,

Садага кылып чапкан.

 

Адам жок иликтеген,

Кылмышты жиликтеген,

Иш менен элге жаккан.

 

Кийинки муундагы,

Кыргыздын кулундары,

Арылтаар кара тактан.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549