www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баарына аялдык сүйүүсү менен алсыздыгы себепкер болду

Перизат Кутманалиева 13-январь 2018, 13:00

Маданият жана адабият


Баарына аялдык сүйүүсү менен алсыздыгы себепкер болду

Убактылуу өлүм жок деңизчи, бирок жер каймактагандан бери эле таланты ташкындагандардын, атагы таш жаргандардын көпчүлүгүнүн өлүмү трагедиялуу аяктайт. Уу ичип, асынып, акылынан ажырап жинди болуп, жол кырсыгына кабылып, аракка, баңгизатка берилип кайгылуу өлүмгө учурашат. Уитни Хьюстондун өлүмү да ушундай болду.

Уитни Элизабет Хьюстон 1963-жылы Нью-Джерси штатындагы Ньюарк шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы аскер кызматкери болсо, апасы Сисси Хьюстон жана таежеси Дайон Уо­рвик өз шаарына белгилүү ырчылардан болушкан. Дал ушул жакын адамдарынын ырчылыгы Уитнини музыка дүйнөсүнө болгон кызыгуусун ойготкон. Эч кимде жок керемет, кайталангыс үнү бар үчүн Уитни түнкү клубда апасы менен ырдап, белгилүү продюсердин көзүнө илинген.

Кызынын ташкындаган талантына ишенген ата-эне Уитни мектепти аяктамайынча алгачкы келишимдерден, башталчу карьералардан баш тартышат. Качан гана Уитни 16 жашка толгондон тартып, алгачкы ырларын жаздырып тим болбостон, модель болуп иштөөгө да кадам таштайт. Анын суктандырган сулуу жүзү журнал беттеринен түшпөй жарык көрүп, дүйнө жүзүнө дүң болот.

Уитни Хьюстон 1992-жылы тартылган «Жансакчы» («Телохра­нитель») тасмасында Кевин Кост­нер менен башкы каармандын образын жаратат. Мурун эле атактуулуктун даамын таткан Уитни бул тасма жана «I will always love you» аттуу белгилүү ырынын атынан коюлган альбомунан соң дүйнө жүзүнө жаркыраган чыныгы жылдызга айланат. Сыйлыктарга чөмүлөт. «Оскар», «Гремми» сыйлыктарына бир нече ирет татыктуу болуп, Гиннес китебине кирет.

жылкы Уитни Хьюстон менен Бобби Браундун никеси көпчүлүктү эстен тандырат. Уит­ни поп-ханышасы, дүйнөгө дүңгүрөгөн жылдыз болсо, Бобби турмушта жолу болбогон, көпчүлүккө жага бербеген адам эле.

жылы алардын кызы Боб­би Кристина жарык дүйнөгө келет. 15 жылга созулган бул никени күйүп-жанган сүйүү да, кайгы-азаптар да коштоп жүрүп отурат. Бобби Браун атактуу аялын уруп-сабап, баңгиликке отургузуп, ырчынын тагдырын талкалайт.

Кайран жылдызды кара булут каптай баштайт. Өзгөчө «Жансакчы» тасмасынан кийин дүйнөнүн төрт бурчунда анын талантына, ырларына суусагандар көп эле. Уитни аларды суусаткан бойдон, издеткен бойдон көп ырларын жаратпай, толук ачыла элек розадай, муңдуу чымчыктай болуп кете берди. Мунун баарына анын аялдык сүйүүсү, аялдык алсыздыгы себепкер болду.

XXI кылымдын баштальппында Уитни өткөн күндөрүнө кусаланып, ал күндөргө кайтып баргысы келип, бетине пластикалык опера­ция жасатат. Бирок баңгиликтин айынан абдан арыктаган жылдыз көрүүчүлөрүн эстен тандыра албайт. Керемет үнү да бузулат. Бул соккулардан соң мас абалында сахнага чыгып, нечен ирет белгиленген концерттери болбой калат.

Ошентип дүйнөгө дүңгүрөгөн Уитни Хьюстон 2012-жылы 12-февралда 48 жаш курагында көз жумду. Поп-ханышасынын табышмактуу өлүмү тууралуу түркүн божомолдор айтылууда. Бири баңгиликке шылтаса, бири таблетка ичип жан берди, бири ваннага чөгүп өлдү, бири кызы да баңгиликке берилгенин көрүп кайгыга чыдабай кетти дейт. Кандай өлүм бол­со дагы көрүүчүлөрүн суусаткан, издеткен ырчы айым жарыкчылыкты таштап кетти. Качандыр бир Уитни Хьюстон адамга катуу таасир берчү препарат: кокаин, ма­рихуана, алкоголь боюнча «менин мойнумда шайтан отурат. Ал ме­нин жакын досум же абдан жаман касым» деп айткан. Уитни ошол касынын курмандыгы болду. Арадан үч жыл өткөн соң кызы Бобби Кристина да апасы сыяктуу эле кайгылуу өлүм менен 22 жашында каза болгон.

Жамиля Нурманбетова

Булак: "Азия Ньюс"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549