www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сариев “сандыгын” ачабы, же “мумияга” айланган “Акшумкар” канат серпеби?

Перизат Кутманалиева 13-январь 2018, 11:09

Саясат


Сариев “сандыгын” ачабы, же “мумияга” айланган “Акшумкар” канат серпеби?

Саясат деген сормо саз. Ага кирген киши эч качан чыга албайт. Жыгылып атса да, жеңилип атса да болбой эле күрөшө берет. Бир чети ошонусу менен кызык. Бирок бир кезде өз колу менен «муунтуп» койгон нерсени тирилтем дегендер да болот экен.

Дегенибиз, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев ажо жарышка жеңилээрин билип туруп эле барды. Албетте, экинчи жагынан караганда күрөштүн аягына чейин турганы эрдик. Ар кимге сүйкөнбөй, соода борборунун алдында эл менен кошо бийлеп атып эле шайлоону аяктап койгон Сариев шайлоодон кийин бир азга тыныгуу алды.

Экинчи «дыханиеси» ачылганбы, айтор Темке жаңы жылдан кийин бир топ саясатчылар менен жоолугуп, «Ак Шумкар» партиясын кийинки парламентке алып келүү аракетин баштаптыр. Ооба, ар ким өз билгенин кылат деңизчи.

Бирок, бир кездери бийик кызматка барган соң өз партиясын, партиялаштарын таптакыр унутуп, өзүмчүлдүккө алдырып койгон адамды эми ким ээрчийт. Аты да албан ийгилик коштогон кайран «Акшумкар» эми канатын бир серпе алабы?

Негизи эле бир топко тыныгуу алып калган партияны сүйрөп чыгуу кыйынчылык туудурат го…

Булак: "Де-Факто"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549