www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Жаңы жылды кайда тосту?

Перизат Кутманалиева 13-январь 2018, 17:28

Саясат


Ош шаарынын мэри Жаңы жылды кайда тосту?

Биздин электрондук почтабызга (NazarNews.kg@gmail.com) Жаныш Акимжанов деген окурманыбыздан төмөндөгүдөй кат келип түшкөн. Кат оңдоо түзөөсүз берилди.

 Жыл сайын салтанатка айланган Ош шаарынын жаңы жылды тосуу быйыл башкача өттү. Анткени ар дайым 31-декабь күнү Ош шаарынын мэри борбордук аянтка чыгып элдин үшүп тоңгонуна  карабастан кеминде 30 минут мактанып бүтө албай калчу эле. Быйыл андай болбоптур. Элдин баардыгы шаңдуу концерт көрүп бүткөндөн кийин мэрдин ордуна орун басары чыгып кыска-нуска куттуктаган экен. 

Көрсө, мэр "семейный" Жаңы жыл тоскону дубайга барып эс алып келген имиш. Бул тууралуу мэрдин жакын эле санаалаштарды ар кимге айтып эле ырдап жүрүшөт. Жада калса мэр өзү дүйнөнү суктандырган эң кымбат лазердик шоунун алдында түшкөн сүрөттөрүн да бир эки жакындарына көрсөтүп мактанганын айтышты. Ал жерге кирүү өзү эле Ошто соода особняктын акчасы тураарына шек жок.

Бул жакта Оштун эли суукта үшүп, кээ бири жарытылуу дасторкон даярдай албай Жаңы жыл тосуп отурган чакта, эл башындагылар элдин акчасына тайраңдап ойноп жүргөнүнө жол болсун.

Коррупция менен күрөшөм, тазалайм деген Жээнбеков эмнеге буларды карабайт экен. Же ал дагы табакташпы эмне?

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549