www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал- Абадда 18ге жашы жете элек 8 өспүрүм жумушка тартылганы аныкталды

Перизат Кутманалиева 12-январь 2018, 18:39

Коом


Жалал- Абадда 18ге жашы жете элек 8 өспүрүм жумушка тартылганы аныкталды

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, зордук- зомбулуктун алдын алуу максатында Жалал-Абад ШИИБ тарабынан “Каникул” аталышында рейд өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө 18ге жашы жете элек 8 өспүрүм жумушка тартылганы аныкталды.

Бул тууралуу ШИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү Канатбек Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, азыр кышкы эс алуу күндөрү болгондуктан, жаш өспүрүмдөрдүн бош убактыларын кандай өткөрүп жатышкандарын аныктоо максатында “каникул” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Рейд шаарда жайгашкан автоунаа жуучу жана оңдоочу жайларга, базарларда болуп өттү. Эмгекке тартылган балдар боюнча ата-энелери чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, - дейт.

Белгилей кетсек, эмгекке тартылган жаш өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү Сузак районунан келгендиги аныкталды. Жаштар негизинен унаа оңдоочу жайларда иштеп жаткандыгы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549