www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дайырбек Орунбеков: Илим Майрамбекович ага, кечирип койуңуз, мен сизди эми түшүндүм!

Перизат Кутманалиева 12-январь 2018, 12:18

Коом


Дайырбек Орунбеков: Илим Майрамбекович ага, кечирип койуңуз, мен сизди эми түшүндүм!

Кечээ, улуу урматтуу Илим Майрамбекович айылдыктарды "бухариктер" деп жазганда мен ага таарынып, керек болсо айылдан көрүп калсам төпөштөп да койгум келген. Эми ал оюмдан кайтып, кечирим сурап жатам. Себеби, Илим агабыз жалпы айылды эмес, өзү чоңойгон айылын эле жазган экен. Кийин өзү түшүндүрүп жазып берди.

Илим Карыпбеков 16 жашында атасы, апасы үчөө нанга жетпей отурса, анын айылдаштары топтошуп алып арак ичип, карыздап, тоноп, уурдап болсо дагы аракка тоюшчу экен. Байкуш, Илим агабызга жардам берген эч ким болбоптур. Баары эле ылжып мас, көзүнө көрүнгөндү уурдап, элди тоноп арак ичкендердин айылында чоңойуп, арак көкөйүнө көк таштай тийиптир. Илим Карыпбеков чоңойгон айылы дагы деле оңолбоптур. Азыр деле көп ичкенин Илим Карыпбеков өзү жазды:

"...Тилекке каршы мен өсүп чоңойгон айылдарда, мен азыр барып, көрүп жүргөн айылдарда дагыле арак ичүү маселеси өтө оор болуп турганын көрүп, байкап жүрөм.

Мен айылдан 16 жашыма чейин чыкпай өскөн баламын. Апамдын, Атамдын пенсиясы 17-18 күнгө эле жетчи үчөөбүзгө, ошондо карызга кошуналардан жүгүрүп барып нан сурап, жарым кило кумшекер сурап жашаган күндөрүм болгон. Мындай абал биздин гана үйдө эмес, кошуналардын, айылдаштардын көбүндө болгон! Жалгыз керза өтүгүмдүн томугу аттын үзөңгүсүнө жешилип, тешилип калганда 1-2 айлап окууга барбай калган күндөрүм болгон. Ошол учурда биз үй-бүлөбүз (атам, апам, мен) акчабыз нанга, мага жаман өтүккө жок болуп турган учурда айылыбыздын үч кошкон, төрт кошкондорунда айылдын эркектеринин бир тобу күндө майрам, күндө той болуп, үйлөрүндө кыйналып аткандыгына карабай аракка дайыма карыздаса да, тоносо да, уурдаса да акча таап ичип аткандарын күнүгө эле көрчүмүн. Азыр деле ушундай учурлар бар экенине дагы эле тилекке каршы күбө болуп жүрөм",-деп кайра түшүндүрмө жазды.

Илим Майрамбекович өзүнүн айылдаштарын, туулуп өскөн айылын "алкаштар" деп жатса эле мен чычалай берипмин. 

Мен чоңойгон Алайкуумда эли ак жүрөк, барсаң кымызын сунуп, козусун соет. Арак ичкендер жок деп айтпайм, бирок Илим Карыпбеков чоңойгон айылдагылардай тоноп ичкен эч ким жок. Той топурда гана ичип койчу, азыр аракты дагы сатканга тыюу салып коюшту. Мен, ушундай аруу эл жашаган Алайкуумду эч качан жамандабайм.

Туулган жердин топурагы алтын. Туугандарыңды эч качан "бухариктер, уурулар, тоногуч каракчылар" деп абийирин ачпаш керек.

Ошондуктан Илим ага мени кечирип коюңуз! Бирок инилик кеңешим, туулуп өскөн, киндик кан тамган айылыңыздын абийирин ачкан жакшы эмес!

Ошол сиз айткан "бухариктер" Илим Карыпбеков биздин айылдан чыккан азамат деп, сиздин жакшы сөзүңүздү уккусу келип жүргөндүр.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549