www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Покер тоюс, доогер Исхак Масалиев

Перизат Кутманалиева 12-январь 2018, 11:34

Саясат Коом


Покер тоюс, доогер Исхак Масалиев

Журналистикага эмнегедир кийинки күндөрү чабуул ар тараптан башталууда. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жалган маалымат тараткан жана депутаттардын аброюна шек келтирген гезиттер менен интернет сайттарга чара көрүү демилгесин көтөрдү. Туура колдойбуз. Бирок, Исхак мырза жалпы улуттун, мамлекеттин же жалпы жарандардын аброю тууралуу де­ле ойлонсо болмок. Депутаттарда га­на аброй бар, ал эми башкаларда эштеке жокпу? Же дупатат болуу Кыргызстанда өзгөчө бир артыкчылык береби? Дегеним, Кыргызстандын жашоочуларынан депутаттардын аброю, колу-буту, дене-мүчөсү, аң-сезими артыкчабы? Ооба, капчык жаатында артыкчылык болушу мүмкүн.

Бирок, ошол эле маалда карапайым адамдыкындай да ой жүгүртө албаган, акыл-куюу ченелүү эле депутаттар да бар экенин Исхак мырза кантип тана алат? Баса, ошол эле учурда депутаттар да өздөрүн коомго үлгүлүү жүрүш-туруштары менен көргөзүү тууралуу мыйзам эмнеге кабыл алынбайт? Сауна иштеткен, казинодо ойногон, үч-төрт катын алган, кримчөйрө менен алакалашкан, коррупцияга малынган, «бай-манапский» мүнөз күткөн, боюнда бар келиндерди ур-тепкиге алган, так ошол ушакчы-жалганчы гезит сайттарга ээлик кылган депуттар тууралуу Исхак мырза эм­неге ооз ачпайт? Журналисттерге так ушулар жем таштабай атышабы? Деги, казинолор жабылгандан бе­ри ушул Масалиев абдан зерикти да.

Булак: "Де-Факто"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549