www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ: Жаш жигитти үтүк менен кыйнашкан

Перизат Кутманалиева 12-январь 2018, 11:05

Коом Кылмыш жана кырсык


СҮРӨТ: Жаш жигитти үтүк менен кыйнашкан

Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылындагы турак үйгө таңга жуук кирген белгисиз адамдар үй ээсине кийим үтүктөгөн үтүк менен кол салып, карактап кетишти. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен жаракат алып, материалдык зыянга учураган. Бул кылмыш тууралуу жабырлануучу — 1993-жылы туулган Э.С. жергиликтүү милицияга билдирген.

РИИБдин маалыматы боюнча, 2017-жылы 24-декабрда саат 05:00 чамасында жабырлануучу уктап жаткан учурда беткап кийген 3 адам кирген.

Алар анын колу-бутун байлап, үтүк менен таманын күйгүзүп, акча талап кылышкан. Үйдү тинткен кылмышкерлер «Самсунг А3» үлгүсүндөгү уюлдук телефон, 4 миң сом , жасалган сөйкө, шакек жана чынжырчаны алып, белгисиз жакка качып кетүүгө жетишкен. 

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесиндеги 2-бөлүмдүн 2-3-пункттары, 3-бөлүмдүн 2-пункту, 4-бөлүмдүн 3-пунктунун негезинде кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү.

Анын натыйжасында шектүүлөр көп узабай колго түшкөн.

Шектүүлөр:

- 1995-жылы туулган А.А., Нарындагы Жумгал районунун тургуну;

- 1994-жылы туулган И.Б., Талас шаарынын тургуну;

- 1995-жылы туулган Н.И., Чүй облусунун тургуну;

- 1987-жылы туулган А.Т., Нарындагы Ат-Башы районунун тургуну;

- 1995-жылы туулган У.О., Талас облусунун тургуну.

Шектүүлөр кылмышты мойнуна алышты. Учурда Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат деп билдирет turmush.kg басылмасы.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549