www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бектемир Төлөн: "Билесиңби Илимбек, Шефиңди да сени да, Ошол эл багып келээрин?!"

Перизат Кутманалиева 12-январь 2018, 10:23

Коом


Бектемир Төлөн: "Билесиңби Илимбек, Шефиңди да сени да, Ошол эл багып келээрин?!"

Илим Карыпбековдун "Айылдыктар"жөнүндө жазган пикирине дагы бир интернет колдонуучу Бектемир Төлөн өзүнүн жообун ыр менен жазып чыкты:

Айтпайын десең айттырат, 
Жазбайын десең жаздырат,
Ойлонбой жазган жандар көп,
Ойду тоону тантырап,

Элдин пикир оюна,
Иммунитети барчылап.
Тийгизген сөзү калкыма,
Жүрөктү кетти кайчылап.
Ошого анча теригип,
Ыр менен койдум камчылап.

Илим иним кеп айттың,
"Элим жалкоо" деп айттың.
Айлыңдагы элинди,
"Ичкичтер" деп не айттың?                                                                                                                                    Сын жазгандын баарысын,
"Үрбө" деп итке теңедиң.

Билесиңби Илимбек,
Шефиңди да сени да,                                                                                                                                          Ошол эл багып келээрин,
Ар бир адам салыкка,
Өкмөткө акча төгөөрүн,
Чогулган элден тыйындан,
Силерге айлык берээрин?

Кечирим сурап кой элден,
Түшүнсөң сөздүн тереңин.


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549