www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дайырбек Орунбеков: Илим Карыпбековдун көзүнө ак көңүл айылдыктар, ниети таза тоолуктар  "АЛКАШТАР" болуп көрүнөт экен

Перизат Кутманалиева 12-январь 2018, 15:43

Коом


Дайырбек Орунбеков: Илим Карыпбековдун көзүнө ак көңүл айылдыктар, ниети таза тоолуктар  "АЛКАШТАР" болуп көрүнөт экен

Илим Карыпбековдун "Айылдыктар" жөнүндө жазган пикири талкууга жем таштап көптөгөн адамдардын кыжырын келтирүүдө.

Журналист Дайырбек Орунбеков бул талкуу жөнүндө пикирин төмөнкүчө билдирди:

-Илим Карыпбековдун көзүнө ак көңүл айылдыктар, ниети таза тоолуктар  "АЛКАШТАР" болуп көрүнөт экен. Мамлекетти артка тартып жаткандар "бухарик айылдыктар" имиш.

Президенттин элетти өнүктүрүү жарлыгын КТРКнын директору шылдыңдап, элге башкача жеткирип жатат. Эми айылга барсаң, четинен кармап сени түйрүйт!

Чынында бул бала көөптүр, көзүн май басыптыр. Мурда дагы элден наалат угуп, кырсыктаган.

Ошондо "эми эсине келет",-деп, ага жакшы тилек дагы айтканбыз. Көрсө эсине келбеген эсирген эси жок экен бул бала.

Ошонун алдында бир ырчы таанышым дагы ыйлактап келди эле. "КТРКга чыгайын десем, "башкача" кызмат көрсөт деп атат",-деп. Ошондо дагы кыжырым келген.

Элеттен көрсөм, энеңди үч коргондон көрсөтөм Илим ага!

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549