www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайырбек Абдырахманов: Мүмкүн ак үйдүн ичиндеги кыйындар аракты азыраак ичип, көбүрөөк иштеш керек?!

Перизат Кутманалиева 11-январь 2018, 15:41

Саясат Коом


Шайырбек Абдырахманов: Мүмкүн ак үйдүн ичиндеги кыйындар аракты азыраак ичип, көбүрөөк иштеш керек?!

Шайырбек Абдырахманов өзүнүн Фейсбук баракчасынан төмөндөгү пикирин айтты.

Айылдыктар аракты азыраак ичип, көбүрөөк иштеш керек имиш. 

Урматтуу Сооронбай Шарипович! 

Элетти өнүктүрүү боюнча программаңыздын урааны ушундайбы,  же Илим Карыпбеков сизди туура эмес түшүнүп калганбы? 

Ал билбейби так ошол айылдыктар дүйнө жүзүн кыдырып иштеп, Кыргызстанды багып жатканын? Алардын жөнөткөн акчалары Кум-Төрдөгү алтын кенинен алда канча ашып түшөөрүн!!! 

Илим билбейби баягы Москвада өрттөнүп кетишкен 17 мигрант кыздардын дээрлик баарысы ата эне бир туугандарын багам деп, алыста иштеп жүрүшкөн айылдыктар экенин? 

Илим билбейби жумуш издеп, Россия Казакстандын шаар айылдарын аралап жүргөн канча айылдык айрым учурларда максатына жетпей, "Груз 200" болуп айылына кайтып жатканын? Илим билбейби айылдыктардын эсебинен мамлекеттик казына толуп жатканын? 

Айылдыктар аракты азыраак ичип, көбүрөөк иштеш керек дейт. Мүмкүн ак үйдүн ичиндеги кыйындар аракты азыраак ичип, көбүрөөк иштеш керек?!

Өткөн жылы резиденцияга 1,5 млн сомго спирттик ичимдиктер сатылып алынганы биздин эсибизде...

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549