www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бостеридеги ишкерлер - аларды тоногондордон коркуп жатышат

Жазгүл Урманбетова 11-январь 2018, 11:30

Саясат


Бостеридеги ишкерлер - аларды тоногондордон коркуп жатышат

Депутат Ысык-Көлдөгү ишкерлерди тоногондорду ооздуктоону талап кылды. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов бүгүнкү пленардык жыйында билдирди.

Дастан Бекешов өткөн жумада Бостери айылында өрттөлгөн кафеге уюшулган кылмыштуу топтун катышы бар экенин айтылып жатканына токтолду. Анын айтымында, уюшулган кылмыштуу топ мамлекеттик сыноого өттү.

«Бул маселени мен бир нече жолу көтөрдүм. Ички иштер министри менен сүйлөшкөндө дагы, эч ким арыз жазбастыгын, жазса эле аларды өрттөп кетерин айтты эле. Эгер биз унчукупай койсок, жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Кылмыштуу топ мамлекетти сыноого алып жатат. Алардын тизгинин тарта турган чечкиндүү аракеттерди көрүү керек. 2011-жылы Кыргызстандан уюшулган кылмыштуу топ куулган. Алар азыр кайра келип, баш көтөрүп жатат», — деди Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, Бостери айылында өрттөлгөн кафенин кожоюуну ага жергиликтүү кылмыштуу топтун мүчөлөрү келип, акча талап кылганын айткан.

Эскерте кетсек, мындан 3 к8н мурун Ысык-Көлдөгү Бостери айылында жайгашкан кафени өрттөп кетишкен. Кафе менен бирге дагы эки имарат өрттөнгөн.

Булак: NazarNews.kg

     


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549