www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдова Орусиянын жаңылыктар программасын мындан ары көрсөтпөйт!

Жазгүл Урманбетова 11-январь 2018, 10:22

Дүйнө жүзүндө


Молдова Орусиянын жаңылыктар программасын мындан ары көрсөтпөйт!

Молдовада Орусиянын теле-радио жаңылыктар программасын көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу молдовалык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Орусиянын теле-радио жаңылыктар программасына тыюу салган мыйзамга Молдова парламентинин төрагасы Андриан Канду кол койгон.

Жаңы мыйзам боюнча Молдовада Европа конвенциясына кошулбаган өлкөлөрдө чыгарылган маалымат-аналитикалык, аскердик жана саясий программаларды көрсөтүүгө тыюу салынат. Ал конвенцияга кошулбаган өлкөлөргө Орусия да кирет. Молдовада Орусиянын көңүл ачуучу жана башка жеңил программаларын алып көрсөтүүгө уруксат берилет.

Айта кетсек, буга чейин "Чет элдик үгүткө каршы күрөш жөнүндө" мыйзамды эки жолу артка кайтарганы үчүн өлкө башчысы Игорь Додонун ыйгарым укуктарын Конституциялык сот убактылуу токтоткон.
Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549