www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто жарандык никедеги аялын кызганган киши кабыргаларын сындырып, сабап өлтүргөн

Перизат Кутманалиева 10-январь 2018, 16:16

Кылмыш жана кырсык


Ошто жарандык никедеги аялын кызганган киши кабыргаларын сындырып, сабап өлтүргөн

Ош шаарынын Кызыл-Аскер кѳчѳсүндѳгү үйлѳрдүн биринде аял кишинин киши колдуу болуп каза болгону тууралуу маалымат 9-январда саат 11:40 чамасында милиция кызматкерлерине маалымдалган. Текшерүү үчүн барган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү тобу аялдын жансыз денесин табышкан.

Ал башында жана денесиндеги оор жаракаттан каза болгону аныкталып, өздүгү такталды. ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, маркум аял — 1977-жылы туулган М.А.
Анын тѳрт кабыргасы сынып, баш сѳѳгү жарылгандыгы белгилүү болгон. Жүргүзүлгѳн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында акыркы айларда аны менен бирге жарандык никеде жашап жаткан Б.Н. (1977-жылы туулган) шектүү катары издѳѳгѳ алынган.

Шектүү 9-январда Ош шаарынын борбордук базарынан Ош ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлери тарабынан кармалды.

Ал кѳрсѳтмѳсүндѳ жарандык никедеги аялын кызганып, 7-январда катуу сабагандан кийин өзү үйдѳн чыгып кеткенин айткан. Учурда адам ѳлтүрүү беренеси менен козголгон иш тергелип жатат. Шектүү убактылуу камакка алынды.

Булак: "turmush.kg"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549