www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аялдар түрмөсүнөн куулуп чыккан транссексуал

Перизат Кутманалиева 10-январь 2018, 14:15

Дүйнө жүзүндө


Аялдар түрмөсүнөн куулуп чыккан транссексуал

Чыр жараткан окуя Эдинбургдун колонияларынын биринде катталган. Киши өлтүрүү жана көптөгөн кыйноо фактылары үчүн соттолгон транссексуал Пэрис Грин аялдар түрмөсүнө укук коргоочулардын жардамы менен жөнөтүлгөн.

Грин көп жылдар бою атайын гормондорду ичип, анын келбети таптакыр эле аялдыкына окшоп калган. Камакка алынгыча бул жаран жынысын өзгөртүү үчүн операцияга даярданып жатканы да белгилүү.

Ошол себептен сот транссексуалды кемсинтпей, укутарын жогору баалаган. Перис Грин аялдар түрмөсүнө жөнөтүлүп, Великобританиянын саламаттыкты сактоо кызматы болочок операциясын да  төлөп берүүгө макул болгон. өз максатына жетиш үчүн Грин болгону тартипти бузбашы керектиги айтылган.

Бирок камактагы «айым» берген убадасын бат эле унутуп койгонбу - Гриндин  абактагы аялдар менен жыныстык катнашка баруусу аныкталган.

Түрмөнүн башкармалыгы бул факт тууралуу билген сон, Пэристи башка абакка жөнөтүү чечимин кабыл алган. Эми мамлекет жынысын бекер өзгөртүп береби же жокпу – бул чон суроо.

Булак: "kundemi.kg"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549