www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош базарынын жанында кыздарды унаа коюп кетти

Жазгүл Урманбетова 10-январь 2018, 12:44

Кылмыш жана кырсык


Ош базарынын жанында кыздарды унаа коюп кетти

Жабырлануучулар жол чырактын жашыл түсүн күтпөстөн жолго чуркап чыга калышкан

Toyota Mark X үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ош базары тараптан эки кызды унаасы менен коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp каналы аркылуу билдирди.

Окуя шейшемби күнү саат 16.30дар чамасында Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 

"Кырсык менин көз алдымда болду. Жол чыракта жашыл түс жанып турган. Toyota Mark X үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдык менен кесилиштен өтүп баратканда, эки кыз жолго чуркап чыга калды. Айдоочу унаасын токтотууга жетишпей аларды коюп кетти. Жабыр тарткандардын бири тура калып экинчисине чуркады. Анысы шок абалында тура албай жатты", — деди маектеш.

Анын айтымында, күбөлөр жабырлануучуларды ооруканага алып жөнөшкөн. Ал эми айдоочу изин сууткан эмес. Милиция аталган окуя болгонун ырастап, тергөө иши жүрүп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549