www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сөөгү моргго жеткирилип, соер алдында "тирилип" кеткен

Перизат Кутманалиева 10-январь 2018, 09:47

Дүйнө жүзүндө


Сөөгү моргго жеткирилип, соер алдында "тирилип" кеткен

Испаниянын абактарынын биринде жазасын өтөп жатып каза болгон кишинин сөөгү моргго жеткирилип, соер алдында "тирилип" кеткен. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Гонсало Монтойя Хименес уурулук жасаганы үчүн жазасын өтөп жаткан. Ал эртең мененки текшерүүгө келбей калганынан абактын кызматкерлери камерага барышса отургучта кыймылсыз отурган болот. Дарыгерлер келип анын каза болгонун айтышкан. Бул тууралуу анын туугандарына да кабар берилген.

"Маркумдун сөөгү" соттук медициналык институтка жеткирилип, дарыгерлер союну пландап жаткан. Бир маалда сөөк салынган каптан үн чыга баштаган. Өлдү деген киши тирүү болуп чыккан.

Абактагы кишинин туугандары анын талмасы бар экенин айтышып, дем албай калышына туура эмес дары ичип алганы себеп болушу мүмкүн экенин болжошкон.

Мындан тышкары, алар медициналык протокол бузулган деп эсептешет. "Маркумдун" жакындары үч дарыгер тең бир учурда жаңылбашы керек деген ойдо.

Бейтапты бир эле дарыгер текшерип, калган экөө колун гана коюп койгон деген жүйө менен сотко кайрылууну пландап жатышат.

Учурда бейтап өзүнө келип, ооруканада дарыланууда деп билдирет sputnik.kg маалымат агенттиги.

Булак: NazarNews.kg



 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549