www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ксения Собчактын Питердеги штабына «Өлтүр. Же. Кайтала» деп жазылган кат таштап кетишти

Перизат Кутманалиева 10-январь 2018, 09:28

Борбордук Азия жаңылыктары


Ксения Собчактын Питердеги штабына «Өлтүр. Же. Кайтала» деп жазылган кат таштап кетишти

Шейшембиде Ксения Собчактын Санкт-Петербургдагы штабынын кызматкерлери белгисиз адам «Өлтүр. Же. Кайтала» деп жазылган кат таштап кеткенден кийин полиция чакырышты.

Штабдын координатору Николай Артеменконун «Новая газетага» билдиришинче, кат Пелевин менен Кастанеданын китептери салынган баштыкта болгон. Айтымында, аны алып келген киши «Биз баарыңарды сыртка чыгарабыз» деп айтып, имараттын дубалына антисемисттик сөздөрдү жазып кеткенин кошумчалаган.

Полиция кызматкерлери бул окуяны штаб кызматкерлеринин өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч катары баалай албай тургандыктарын билдиришти.

Декабрдын соңунда Ксения Собчак Орусиядагы президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырган. Теле алып баруучу өзүн «бардыгына каршы» талапкер деп атап келет. Айрым ММКлар анын талапкер катары көрсөтүлүшүнө президенттик администрациянын тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Бирок Собчак Кремль менен байланышы бар экендиги тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Булак: "centralasian.org"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549