www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расулбек Ташов: "Мен ал күнү шире ичкем, ага демидрол кошуп коюшуптур"

Жазгүл Урманбетова 09-январь 2018, 16:52

Коом


Расулбек Ташов: "Мен ал күнү шире ичкем, ага демидрол кошуп коюшуптур"

Интернетте "ичимдик ичип, кабинетинде уктап жатканы" тасмага тартылган Ноокат райондук статистикалык каттоо кызматынын башчысы Расулбек Ташов окуя боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Анын айтымында, тасма президенттик шайлоонун эртеси, 16-октябрда каршылаштары тарабынан каралоо максатында тартылган.

- Мен ал күнү шире ичкем. Ширеге каршылаштарым демидрол кошуп коюшуптур. Бул тасма мени каралоо максатында тартылган. Мен эч кандай ичимдик ичпейм. Жанымдагы милиция кызматкери эмес, карапайым эле адам болчу, - деди Ташов.

Ташов "каршылаштарым" деп райондук статкомдун мурдагы башчысы Байыш Дубанаевдин убагында иштеген өзүнүн кызматкерлерин айтып жатат.

Бүгүн Интернетке Расулбек Ташовдун кабинетинде эки адамдын коңурук тартып уктап жаткан видеосу жарыяланган. Ал тасмада уктап жаткан адамдардын жанында ичимдиктин, ширенин бөтөлкөсү көрсөтүлгөн. Айрым маалымат каражаттары Ташовдун жанында уктаган райондук милициянын башчысы экенин жазышкан. Бирок Ош облустук милициясынын басма сөз кызматкери Жанна Сатарова бул маалыматты төгүндөдү.

Булак: Азаттык


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549