www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми чет өлкөлүк иш сапарларга чыкканда президенттен тартып, спортчуга чейин калпакты чечпей кийишмей болушту

Жазгүл Урманбетова 09-январь 2018, 15:23

Коом


Эми чет өлкөлүк иш сапарларга чыкканда президенттен тартып, спортчуга чейин калпакты чечпей кийишмей болушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков калпакты герб, гимн, туу сыяктуу мамлекеттик символдорго теңөө боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.

Мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөгү иш сапарларында президент, премьер-министр, спикер жана башка делегация мүчөлөрү ак калпакты чечпей кийишин милдеттендирүүсү каралган. Мындай милдеттенме эл аралык мелдештерге катышкан спортчуларга да тийиштүү болот. Демилгечилер мыйзамдын максаты кыргыздын улуттук баш кийимин кастарлоо экенин айтып жатышат.

Буга чейин "Бишкек парк" аттуу соода борборлорунун биринде өткөн иш-чарада итке калпак кийгизилгени кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жараткан. Ушундан улам, айрым депутаттар иш-чаранын уюштуруучуларын жазага тартып, ак калпакты сактоого үндөшкөн.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549