www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пенсионер аял врачка кезекти 5 саат күтүп отуруп каза болду

Перизат Кутманалиева 08-январь 2018, 09:23

Борбордук Азия жаңылыктары


Пенсионер аял врачка кезекти 5 саат күтүп отуруп каза болду

Санкт-Петербург шаарынын ооруканалырын биринде улгайган аял беш саат врачтын жардамын күтүп отуруп каза болду. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Каза болгон аялдын небересинин журналисттерге  билдиргенине караганда, чоң энеси өзүн начаар сезип жатканын күндүзгү экилер чамасында айткан. Бир сыйра карап инсульт алдындагы абал экенин түшүнгөн небереси тез жардам кызматын чакырткан.

“Үч саатка жакын биз кабылдамада отурдук, андан соң аны реанимациялык эмес неврологиялык бөлүмгө киргизишти. Чоң энеме эки жолу медайымдар келип, кан басымын өлчөп, валидолдун таблеткаларын берип коюп жатышты. Менин “Врач кайда?” деген суроолорума, азыр келе албайт деп жооп берип жатышты”, – деп айтып берген ал.

Ооруканадан эле пенсионер айым көкүрөк тарабы ооруп жатканын айткан. Саат 18:55те небереси чоң энесин калтырып кетүүгө аргасыз болгон, ал эми бир аз убакыттан кийин эле ага телефон чалышып, тууганынын өлүмү туурасында угузушкан.

Учурда изилдөө органдарынан эч кандай комментарий угула элек.

Булак: "kyrgyztoday"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549