www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мирзиёев дүйнөнү өзгөртүп жаткан он лидердин катарына кирди

Перизат Кутманалиева 08-январь 2018, 09:14

Борбордук Азия жаңылыктары


Мирзиёев дүйнөнү өзгөртүп жаткан он лидердин катарына кирди

Түркиянын Derin Ekonomi басылмасынын саясий баяндамачылары Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди өлкөдөгү жана аймактагы абалды өзгөртүүгө кудуреттүү лидерлердин катарына кошту. Бул тууралуу «Жахон» маалымат агенттиги кабарлады.

Тизмеге өз чечими менен өлкөсүндөгү, ошондой эле аймактагы кво-статусун өзгөртүп, эл аралык аренада абалга чоң таасир этүү менен ММКларда көп айтылган ысымдар кошулган.

Адистер белгилегендей, Мирзиёев президент болгон күндөн тартып Өзбекстанда реформаларды баштап, жарандардын дин тутуу эркиндиги, күч органдарынын ишин иретке келтирүү, өлкөнүн либералдашуусуна багытталган иштерди ийгиликтүү аткарууда.

Жаңы жетекчинин келиши менен Өзбекстанда соода эркиндигине түз таасир берген олуттуу чечимдер кабыл алынып, тышкы валюталык саясаттын ачыктыгы чет өлкөлүк инвесторлорду кызыктыра баштады, деп белгилешкен басылманын баяндамачылары.

Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башчысы кызматындагы эң маанилүү кадамдарынын бири катары башка өлкөлөр менен, анын ичинде коңшулары менен мамилени оңдоого багыт алгандыгы айтылган.

Түрк басылмасы "алдыңкы ондукка кирген айрым лидерлер коомчулукка жакшы тааныш эмес болушу мүмкүн, бирок 2018-жылы дүйнө аларды кылган иши аркылуу терең биле баштайт" деп белгилеген.

Мирзиёевден тышкары алдыңкы он лидердин катарына Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министри, шейх Абдулла бен Зайд аль-Нахайян, АКШнын Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) жетекчиси Роберт Мюллер, Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана башкалар кирген.

Булак: "centralasian.org"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549