www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улукбек Ормонов: Манастын ысымын спирт ичимдиктерине ыйгарган компания жоопкерчиликке тартылуусу зарыл

Перизат Кутманалиева 05-январь 2018, 12:48

Коом Маек


Улукбек Ормонов: Манастын ысымын спирт ичимдиктерине ыйгарган компания жоопкерчиликке тартылуусу зарыл

Коомдо ар кандай адамдар кездешет экен. Акылы тайыз кай бирөөлөр Манас баянын афирист, комузду арам десе, даггы бир бизнесмендери Манас ысымын аракка ыйгарды. Кечээ жакында түрктөрдүн мекемеси өткөргөн иш-чарада бирөө атадан калган калпагыбызды итке кийгизди. Ушул маселени эл өкүлдөрү кандай кабыл алганын билүү үчүн көпчүлүк учурда калпак менен жүргөн Улукбек мырзага кайрылдык

-Улукбек Зулпукарович, жыл башындагы авиакырсыкта бир кыздын кастыкка үндөгөн сөзү боюнча парламентте маселе көтөрдүңүз эле, кечээ жакында кыргызды шылдыңдаган дагы бир окуя кайталанып,итке калпак кийгизди. Коомчулук чуру-чуу түшүүдө парламентте тынч, депутаттардын окуядан кабары барбы?

-Ооба, ошондой окуя болду, элдин ою экиге бөлүнүп жатат. Конкурска катышкан кыз жаман ойлобостон билбей жасады дегендер бар. Экинчи тарап ата мурасын шылдыңдады, жазага тартылсын дешүүдө. Бирок, уюштуруучулар ит жетелеген кыз кыргыздын улуттук кийимин кийип жүргөн патриот экенин айтып, жакшы ниет менен чыкканын билдиришип, кечирим сурашты. Ушудан улам азыр мыйзам кабыл алуу сунушу чыгып жатат , улуттук баалуулуктарды салт-санааны сактоо боюнча.

Албетте анында каршылаштары чыгат аны эмнеге кабыл алышыбыз керек, мыйзамсыз эле аткарылышы керек, ар ким өзү билиши зарыл деген сыяктуу. Негизи билбей кылып койду деген шылтоо болбошу үчүн мыйзам керек. Мыйзам менен жоопкерчилигин карап койсок, ошондо баары ойлонуп иш кылат, калпакты баняга кийет дегендерда акылына келет.

Мен медакадемиядагы кыз боюнча маселе көтөргөндө дагы кээ бири “бир бечара кыз экен, эми ал камалабы” деген. Маселе аны сөзсүз эле камоодо эмес, коомду тарбиялоодо жатат. Социалдык тармакта бардыгы боло берет деп эле ар кимиси оюна келгенди жазбашы зарыл. Эртең жооп берип калышым деген сезим ар биринде болушу керек.

-Учурда калпактын тигилүү жагы  да баркын түшүрдү деген сөздөр чыгууда, туурабы?

-Өткөндө бир жерде ушул тууралуу сөз болуп, арзан химиялык материалдан тигилген, калпак, чепкендер кытайдан тонналап келип жатканы айтылды. Аларды көрүп жүрөбүз өтө арзан, өңү да жок. Биздин калпактар кийизден жасалып келген, ал ден-соолукка дагы пайдалуу.

Бирок, кийизден жасалган калпактар кымбат, миң сомдон жогору турат. Андыктан баасы 150-200 сомдук калпактар каптап кетти. Муну токтотуу үчүн химиялык материалдан жасалган калпакка тыйуу салуу боюнча сунуштар бар. Мыйзам же токтом сыяктуу мыйзам актысы менен улуттук баалуулукту коргошубуз керек. Албетте мунун каршылаштарыда көп болушу мүмкүн,мага кытайдын калпагы деле жарашат дегендерда чыгышы ыктымал ошондуктан жалпы элдин талкуусуна коюп, коомчулуктун оюн эске алуу менен кабыл алышыбыз керек.

-Биздин дагы бир ыйыгыбыз Манастын ысымын аракка ыйгарганыбыз сизди өкүндүрбөйбү?

-Албетте өкүндүрөт. Мамлекеттин символдору бар, алар кол тийгис. Мисалы азыр парламентте "Кыргызстан"- деген партия бар. Мамлектибиздин аталышын саясий партияга коюшту, бул туурабы деген суроо туулат. Эгер сөз жалгашса, мисалы "Бутун Кыргызстан" дегендей кылса мааниси башка болмок. Ал эми "Манас" биздин сыймыгыбыз, атабызды кастарлашыбыз шарт. Аны идеологияга айлантабыз деген чакта, атын спирт ичимдиктерине койгон туура эмес, тыюу салышыбыз керек. Мыйзамда дагы "Манас" ысымын койууда ар бир тарап өкмөт менен макулдашуусу керек, арака ысым ыйгарганга ким уруксат бергенин такталышы абзел. Эгер компания уруксат албай өз билгенин жазаса жоопкерчиликке тартылуусу зарыл.

-Быйылкы жыл боюнча пикириңиз?

-2017жылды саясий жак менен алганда чоң, жетишкендик болду, эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында экинчи жолу бийлик мыйзам чегинде алмашты.Бул элибиз жана Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик. Кааласакта,каалабасакта биз ушуга көнүшүбүз керек. Болбосо бизди чет жакта жалаң гана төңкөрүш менен бийлик алмаштырган өлкө катары таанып баштаган. Өкүнүчтүүсү быйыл табигий жана техникалык кырсыктар көп болду. Көптөгөн мекендештерибизден айрылдык Өзгөн районунун чоң айылды көчкү басты.

Эми жаңы 2018-жылыбыз жакшылыктардын жылы болсун.

Булак: "Де-Факто"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549