www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нигерияда чиркөөдөн келаткан адамдарга ок атылып, 21 адам каза тапты

Жазгүл Урманбетова 02-январь 2018, 14:46

Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


Нигерияда чиркөөдөн келаткан адамдарга ок атылып, 21 адам каза тапты

Нигерияда чиркөөдөн келе жаткан адамдарга ок атылып, 21 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, 1-январда Нигериянын түштүгүндө жайгашкан Риверс штатында куралчан белгисиз адамдар, Жаңы жылдык кызматтан кийин чиркөөдөн келе жаткан тургундарга ок чыгарышкан. Нигериялык администрациянын коопсуздук кызматынын жетекчиси Дакуку Петерсайд билдиргендей, окуя болгон жерден 15 адам каза болуп, 6 адам оор жаракат алгандыктан, ооруканадан көз жумган.

Ал эми окуя болгон Омоку аймагынын полиция кызматкери азыркы тапта каза болгондордун так санын айтуу кыйын экенин жана ооруканага түшкөн адамдардын арасында оор жаракат алгандардын саны көптүгүн белгилеп өткөн. Алдын ала божомолдор боюнча бул ок атуу диний уюмдардын кылган иши деп таанышууда. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.


Булак:NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549