www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
69 жаштагы апасын жана 45 жаштагы кызын атып өлтүргөндөр кармалды

Перизат Кутманалиева 02-январь 2018, 14:44

Коом Кылмыш жана кырсык


69 жаштагы апасын жана 45 жаштагы кызын атып өлтүргөндөр кармалды

Чүйдө жаңы жылдын түнүндө жасалган оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Москва районундагы Беловодское айылында таңга жуук болгон. Беткапчан кылмышкерлер жергиликтүү тургундун үйүнө бастырып кирип барып, үй ээсин оор жарадар кылып, 69 жаштагы жубайын жана 45 жаштагы кызын атып өлтүрүшкөн. Алар үйдөгүлөрдүн болжол менен 120 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кетишкен.

Кылмыш боюнча шектүү катары Аламүдүн районунун 19, 20 жана 23 жаштагы үч тургуну кармалды. Алар каракчылык менен алып кеткен акча, алтын, аткан куралы жана айдап келген автомашинасы да табылганы кабарланды.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренесинин (“Киши өлтүрүү”) негизинде иш козголду.

Булак: "azattyk"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549