www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ким "Кумтөргө" 16 миң гектар жер берүүнү сунуштады?

Жазгүл Урманбетова 28-декабрь 2017, 13:26

Экономика Коом


Ким "Кумтөргө" 16 миң гектар жер берүүнү сунуштады?

Кыргызстандагы ири кен бир нече жылдан кийин жабылат. Мындан улам Геологдор менен тоо кен өнөр жайчылардын ассоциациясы объектинин өмүрүн узартуу боюнча чараларды сунуштоодо

Геологдор менен тоо кен өнөр жайчылар ассоциациясы "Кумтөр" кенинин ишмердүүлүгүн узартуу зарылдыгы айтылган билдирүү таратты.

Анда 25 жыл ичинде кен 3 миңге чукул кыргызстандык адистерди даярдаганы айтылат. Бирок алты жылдан кийин кен жабылып, алардын баары жумушсуз калары белгиленген. Мындан тышкары, геологдор өлкө бюджети жыл сайын түшчү 9 миллиард сом тикелей салыктан куру каларын, ал эми кыйыр таасири андан кыйла чоң болоруна токтолушкан. "Кумтөр" өлкө ИДПсынын 7 пайызын түзөт.

"Мындан улам өкмөт тез арада геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жаңы аянтчаларды бериши керек. Бул үчүн мурда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов тарабынан жокко чыгарылган 16 гектар жерди калыбына келтирип берүү кажет", — деп айтылат катта.

Ассоциация аталган жер аянты алынгандан кийин пландалган инвестициялар токтотулуп, кендин ишмердүүлүгү солгундаганын белгиледи.

Кайрылууда мында бардык экологиялык нормаларды так сактоо керектиги айтылат.



Булак: sputnik.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549