www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москванын Текстильщик районунан 30 жердешибиз кармалган

Жазгүл Урманбетова 28-декабрь 2017, 10:42

Коом Дүйнө жүзүндө Миграция


Москванын Текстильщик районунан 30 жердешибиз кармалган

Москвада эки кыргызстандык жасалма документ боюнча сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРнын РФгы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-декабрда Москванын Текстильщик районунда полиция Кыргызстандын 30 жаранын кармаган. КР элчилигинин өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, кармоонун себеби пландык чет элдик жарандардын документтерин каттоо болуп саналган.

Билдирүүгө ылайык, элчиликтин өкүлдөрү келгиче 19 адам кое берилген.

“Калган 11 КР жараны миграциялык мыйзамды бузгандыгы аныкталган. Протоколдорду биргелешип кароо учурунда тергөөчү документтердин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу 9 адамга айып пул салган. Россиянын аймагында жасалма документ менен жүргөндүгү үчүн эки жарандын протоколу сот органдарына өткөрүлүп берилген”,-деп айтылат маалыматта.

Элчилик документ жасоодо ортомчу адамдардын жардамы менен колдонбоо керектигин дагы бир жолу эскертет.

Булак:NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549