www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Замира Мавлянова, опера ырчысы: “Операны интелигенция, элитанын адамдары, классиканы сүйүүчүлөр, маданиятты терең түшүнгөндөр келип аябай көз салып, тыңдап кетишет”

Перизат Кутманалиева 08-январь 2018, 10:36

Маданият жана адабият Маек


Замира Мавлянова, опера ырчысы: “Операны интелигенция, элитанын адамдары, классиканы сүйүүчүлөр, маданиятты терең түшүнгөндөр келип аябай көз салып, тыңдап кетишет”

Көп убакыттан бери чоң сахнада опера ырчысы болуп эмгектенип, түйшүктүү кесипти ийгиликтүү аткарып жаткан КРнын Эмгек сиңирген артисти Замира Мавлянова бүгүн бизде мейманда

- Замира айым, кандай адам опера ырчысы болот алат?

- Опера - бул эстрада же башка жанр эмес. Опера ырчысы болуу үчүн эң алгач жагымдуу, бийик тембрлүү үн керек. Бул жерден үнүң менен көптөгөн бийиктерди багынта аласың. Үн жок эч нерсе кыла албайсың. Андан соң чыдамкайлык, эмгекчилдик, аракетчилдик талап кылынат.

- Опера ырчысынын башка ырчылардан артыкчылыгы эмнеде?

- Операда ырдаганга техника талап кылынат. Алгач ошол техниканы үйрөнүш керек болот. Эстрада, фольклор ырчыларына Кудай талант берет. Алар биздей болуп техниканы өздөштүрбөй деле ырдай беришсе болот. Ал эми биз техниканы өздөштүрө албай, үйрөнгөндү билбесек тап такыр ырдай албайбыз. Бизде эң биринчи орунда техника пения турат.

- Кыргызстанда операны кандай адамдар тыңдашат?

- Менин байкашымча көбүнчө интелигенсия, элитанын адамдары, классиканы сүйүүчүлөр, маданиятты терең түшүнгөндөр келип аябай көз салып, тыңдап кетишет. Анан ар бир нерсени башкача бир көз караш менен карашат. Кол чапканды да билишет. Жыйынтыгында сөзсүз жагымдуу гүлдөрдү тартуулашат.

- Башка ырчылардан айырмаланган үнүңүздү кантип бапестейсиз?

- Опера ырчылары ар бир күнү эс алуу же майрам болобу маанилүү эмес күнүгө үнүнө үч же төрт сааттан машыгуу жасашат. Эгер бир күн машыкпай калса болду башта кармаган формасынан кетет. Ырдай албай калат. Ичип, чекпейсиң, катуу дициплинаны сактайсың. Диета, режим баары убакыт сааты менен кармалат.

- Бир күндүк иш графигиңиз эмнелерден турат?

- Эртең менен таң эрте турам. Спорт менен машыгам. Тамактанам. Филармонияга машыгууга барам. Андан соң кадимкидей эл катары иш күн башталат. Кечке иш менен алектенем. Түшкү тамактануу сөзсүз болот. Андан соң кайра майда-чүйдө иштер менен алек болобуз. Кечке маал концерт же тойлор чыгып калса, даярданып алып ал жакка жөнөмөй.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549