www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзам үчүнчү окууда каралат

Жазгүл Урманбетова 27-декабрь 2017, 11:40

Саясат Экономика Коом


“Жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзам үчүнчү окууда каралат

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамдын күчүнө киришин үч айга жылдыра туруу боюнча өкмөттүн сунушун 21-декабрда парламент экинчи окууда колдоп берген.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги сунушту мыйзам күчүнө киргенден тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 30 миңге жакын балдар 2018-жылдын ичинде жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгып калары, ошондуктан аны изилдөө зарылдыгы келип чыкканы менен түшүндүргөн.

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Документ 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Анда 2018-жылы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган. Ошондой эле үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө алар 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерүү каралган.

Өкмөттүн мыйзамдын мөөнөтүн үч айга артка жылдыруу сунушу колдоо тапса, жөлөкпулду жаңы мыйзамдын негизинде төлөө кечеңдейт. Ал эми сүйүнчү пул төлөнө берет.

Бул мыйзам коомчулукта бюджеттин абалына карабай, шайлоо алдында упай топтоо максатында кабыл алынган" деген пикирлер да айтылууда.

Буга чейин Нарын шаарында "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамды четке кагуу талабы менен бир нече жолу нааразылык акциясы өткөн.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549