www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандык Айжан Байзакова түнкү клубда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн

Перизат Кутманалиева 27-декабрь 2017, 11:04

Борбордук Азия жаңылыктары


Казакстандык Айжан Байзакова түнкү клубда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн

Казакстандык Instagram жылдызы Айжан Байзакова бейбаштык кылганы үчүн үч суткага камалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги Алматынын Ички иштер департаментине (ИИД) таянуу менен билдирди. 

Алматы ИИДнын расмий өкүлү Салтанат Азирбектин айтымында, Байзакова коомдук жайда иш-чара өткөрүп коомдук тартипти жана этикалык нормаларды бузган. Анын ишин райондор аралык сот карап, үч суткага камакка алуу чечимин чыгарды. 

“17-декабрда А.Байзакова түнкү клубда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн. Ошондой эле айлансындагыларга адепсиз мамиле жасап коомдук тартипти сактаган эмес”, — деп айтылат маалыматта. 

Аталган видео соцтармакка жарыяланган. Анда бир кыздын дырдай жылаңач турганы жана алып баруучунун башкаларды да конкурска катышууга чакырып жатканы көрүнүп турат. Сынактын шартында жылаңачтанып чечинген кызга 50 миң теңге байге сунушталган. 

Мындан улам казакстандыктар ага чара көрүүнү талап кылып чыгышкан.

Булак: "sputnik.kg"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549