www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чубактын кунундай чубалган токулма жалаалардын артында турган киши эмнеден коркот ?

Перизат Кутманалиева 28-декабрь 2017, 18:14

Аналитика


Чубактын кунундай чубалган токулма жалаалардын артында турган киши эмнеден коркот ?

 

Жогорку Кеңештин депутаты, экс баш прокурор Аида Салянованын атасынын иниси Калыйбек Саляновго коюлган жөнү жок дооматтын атайын токулган жалаа экендиги юрист эмес жөнөкөй адамга деле көрүнүп турат. Бар болгону эки жолу жүз көрүшкөн экен Камила аттуу кыз менен, андан кийин 7-8 жолу телефон чалыптыр ал кыз. Муну табуляграмма менен иштешип да башка жоолукканын аныктай алышкан жок. Ал эми саунанын ээси видеону өчүр деп Салянов мага айткан эмес деген. Бул жерде видеону өчүрүп салып  тиги кызды Салянов өлтүргөн деген ойдо калышсын деп атышканы акыл эси соо киши билип эле турат да.  Калыйбек Саляновду адам өлтүрдү деген аша чапкандык болуп калат го... Мындай фабрикация күч органдарынын беделин түшүрүп, бийликке болгон элдин ишенимин кетирет.Саунанын ээси каршы көрсөтмө бергенден кийин ГРС тин бир жооптуу кызматына коюлуптур. Аида Саляновага карата болгон чабуул көптөн бери өз ыргагынан кайта элек. Аида Саляновага, анын жакындарына карата токулган жалган айыптар юрист эмес жөнөкөй жанга да көрүнүп турат. Эң алгач агасы Калыйбек Саляновду кылмышка шектүү деп чыгышты. Өмүрүндө эки ирет гана көрүшкөн кыз экен Камила деген маркум кыз... Бирок бул жерде фабрикация болгону ачык эле байкалат да, атайылап өчүрүлгөн видео аны каңкуулап турат. Себеби Алканованын видеосунда  Салянов видеону өчүр деп айткан эмес деп айтыптыр, бирок аны тескерисинче айтканга мажбурлашыптыр. Эгерде видеону Салянов өчүрткөн дедирсек, элдер Камиланы ошол өлтүргөн деп ойлоп калышсын дешкен да. Муну табуляграмма менен да иштешип ашыкча звонок таба алышкан эмес. Аны адам өлтүрдү деп күнөөлөш аша чапкандык. 

Күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго тагылган айып деле жөнү жок эле жерден, өтө одоно чаап түшүүгө окшоп калган. Кокус чындап ошончолук кылмыш иши бар болсо аны түрмөдө чиритишмек болчу.

Ал эми Аида Жеңишбековнанын өзүнө таңууланып жаткан айып болсо бир чети күлкү келээрлик, бир чети биздин бийликтин ушунчалык алсыз, мажүрөө экендигинен кабар берет. Елисеев менен Аида Салянова бет келип учурашкан да эмес болсо, лицензиясын узарткан учурда Елисеев кылмышкер катары тизмеде жок болсо, ал лицензияны алган күндө да мамлекетке бир тыйын зыян келтирилбесе, ал лицензиянын аркасы менен ишмердүүлүк кылбаса анан кайдагы кылмыш ? Ошол кездеги саясий учурду эске алып Елисеевдин лицензиясын узартпай койсо болмок дешет. Анда эмне биздин мыйзамдар ар бир саясий кырдаал өзгөргөн учурда өзгөрө береби ? !

Эң соңку жана кайгылуу сокку бул анын бир тууганынын набыт болушу болду. 2017-жыл 6-ноябрдын түнү мурунку баш прокурордун иниси Улан Салянов киши колдуу болду. Бул тоноо максатындагы өлтүрүү же криминалдык разборка эмес эле, бул ансыз да соттошуп жаткан Аида Саляновага болгон эскертүү сыяктуу болду деп боолгологондор да болду. Бул иште көптөгөн суроо туулган жагдайлар бар. Эмне үчүн күч органдары Улан Саляновго 100 автомобил катталганын жарыя кылып жиберишти ?    Эмне үчүн үйдүн ичинен эч нерсе алышкан эмес ? Эмне үчүн бул жүрөк үшүткөн окуялардын бардыгы : Салянованын күйөөсү экөөнө коюлган күнөө, туугандарына коюлган айыптар, акыр аягында келип бир тууганынын өлүмү, баары Атамбаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизишине каршы болгондон баштап  болуп өттү. Бүгүнкү күндө ал иштер боюнча эмне белгилүү ?  Ал ишти ким көрдү ?  Ал ишке айгак болчу нерселерди ким жок кылды ? Бул тууралуу али эч нерсе белгисиз. Бул Чубактын кунундай чубалган айыптоолор, токулган кылмыш иштеринин аягы адам өмүрүн алууга чейин барды...  Бул бир гана Конституциянын айынан болду бекен же башка да биз билбеген себептери барбы аны убакыт көрсөтөт.

Жалилов Шамил

 

-15:53

 

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549