www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ксения Баранникова, теле алып баруучу: “Жеке жашоомдогу убактымдын баардыгын жумушум алганы мен үчүн өкүнүчтүү”

Перизат Кутманалиева 26-декабрь 2017, 14:27

Маек Маданият жана адабият


Ксения Баранникова, теле алып баруучу: “Жеке жашоомдогу убактымдын баардыгын жумушум алганы мен үчүн өкүнүчтүү”

Кыргыздын жаш дикторлордун арасында жылдыздуу, таланттуу, кыргыздын намысын сулуулар сынагында да чет жактарда коргоп келүүгө жетишкен, ар тараптуу таланттын ээси Ксения бүгүн бизде конокто.

Ксениянын бир күнү

- Менин ар бир күнүм өзгөчө, кайталангыс минуталар коштолот. Өтүп жаткан күндөр бири-бирине эч окшошпойт. Күнүмдүк жашоомду уникалдуу кылып өткөрүп, акыркы күн катары эсептеп жашайм.

Жашоодогу экстрим

- Менин кесибим өзү эле экстрим. Жакында эле сурамжылоо учурунда орто жаштагы мырза алдыман чыга калып, камераны сындырып коё жаздады.

Телевидение

- Телевидение- менин жашоом. Ансыз мен, мен эмесмин. Жашоомдун да кызыгы жок.

Сулуулук

- Сулуулук мен үчүн абстрактуу эле нерсе. Эгер адамдын ички дүйнөсү сулуу болсо, анда анын сырткы келбети да сулуу болот.

Ашкана

- Ашканада омлетти жана кофени мыкты даярдайм. Мени менен жүргөн адам эч качан ачка калбайт. Дайыма алма же кефир менен бөлүшүп турам.

Идеалдуу мырза

- Менин сүйгөн адамым. Мен үчүн анын кандай гана жетишпеген сапаттары болуп турса да, ар дайым идеалдуу.

Жеке жашоо

- Убакыт жок. Азыркы тапта менин убактымдын баарын жумушум алат. Кээде бул нерсе мени капага салат. Буюрса алдыда баары болот.

Карьера

- Бийик тоо. Мен кыялданаган бийиктиктерге жетүүмө жеңил гана жолдор калды. Бул нерсеге мен даярмын.

Ийгилик сыры

- Эмгекчилдигим, кесибимди сүйгөнүм.

Эс алуу

- Достор, жакын адамдарым мага кайда болбосун жагымдуу эс алуу тартуулашат.

Мүнөзүм

- Мүнөзүм абдан татаал аны мойнума алам. Өзүмө жакпаган сапаттарым да бар.

Келечек

- Келечекке көз чаптырбайм. Бүгүнкү күн менен гана жашайм.

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549