www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайында Бишкекте маршруттардын ордуна 350 автобус жүрө баштайт

Жазгүл Урманбетова 26-декабрь 2017, 13:22

Экономика Коом


Жайында Бишкекте маршруттардын ордуна 350 автобус жүрө баштайт

Жаңы автобустар майып адамдар үчүн дагы ыңгайлашып, Wi-Fi жана карта сиситемасы менен электрондук билет киргизилет

Жаздын соңу менен Бишкекте 350 жаңы автобус ишке киришет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Аларды сатып алуу үчүн каржы булагын табуу боюнча Меморандумга кечээ кол коюлду.Документке шаар мэри Албек Ибраимов, "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директору Болот Абилдаев, "Газпромбанк" АКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Дмитрий Зауэрс, Социалдык фонддун төрагасы Тенизбек Абжапаров жана "Эксар" АКсынын кардарлар менен иштөө боюнча директору Никита Гусаков кол коюшту.

Иш-чарага катышкан премьер-министр Сапар Исаков автобустар Бишкекте 2018-жылдын жаздын аягында ишке кирерин белгиледи.

"Бул долбоордун уникалдуулугу — аталган автобустар газ менен жүргөндүктөн, атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы азаят", — деди өкмөт башчы.

Алгач 350 автобус сатып алынат. Ал эми учурда борбордо каттап жаткан маршруттук таксилер шаардын чет-жакаларына чыгарылмакчы.

Жаңы автобустар майып адамдар үчүн дагы ыңгайлашып, Wi-Fi жана карта сиситемасы менен электрондук билет киргизилери айтылды.

Автобустарды сатып алууга жалпысынан 50 миллион доллар кетсе, анын 30 миллионун "Газпромбанк" ишканасы бөлө турган болду. Калган 20 миллион долларды Бишкек мэриясы чыгарган облигацияларды сатып алуу менен Социалдык фонд берет.


Булак: sputnik.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549