www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан 105 миллион долларлык бут кийим экспорттой баштады

Жазгүл Урманбетова 26-декабрь 2017, 12:33

Борбордук Азия жаңылыктары Коом


Өзбекстан 105 миллион долларлык бут кийим экспорттой баштады

Быйылкы жылы Өзбекстан 105 миллион долларлык өлчөмдө бут кийим жана тери буюмдарын экспорттогон. Бул тууралуу "Узбекчармпойабзали” бирикмесиндеги булакка шилтеме берүү менен Podrobno.uz маалымат агенттиги билдирди.

Жети жыл мурун бут кийим экспортунун көлөмү 13 миллион доллардан ашкан эмес. Ошентип, аз гана убакыт ичинде экспорттун көлөмү 8 эсе өсүп кеткен. Буга жаңы ишканаларды иштетүү менен өндүрүш көлөмүн арттыруу жана экспорттоо географиясын кеңейтүү аркылуу жетишилген.

"Узбекчармпойабзали” бирикмесиндеги булактын айтымында, быйылкы жыл ичинде 10,2 миллион жуп бут кийим өндүрүлөт, бул 2010-жылдагыга салыштырмалуу 3,3 эсе көптүк кылат. Даяр бут кийимдер азыркы тапта Кытайга, Пакистанга, Түркияга, Индияга, Казакстанга, Кореяга, Испанияга жана Англияга экспортолууда. Ал эми 2026-жылга карата бут кийимдерди 15тен ашуун өлкөлөргө экспорттоо пландалууда. Бут кийим экспортунун 40 пайызы Кытайга, 16 пайызы Түркияга, 8 пайызы Россияга туура келет.

Ушу тапта Өзбекстанда терини кайра иштетүүчү, даяр тери продукциясын, бут кийим жана тери-галантереялык буюмдарды өндүрүүчү 400дөн ашуун ишканалар бар. Ал эми "Узбекчармпойабзали" бирикмеси 2000-жылы түзүлүп, 100дөн ашуун ишканаларды бириктирип турат.

Булак:NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549