www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Собчак Навальныйды шайлоодо ишенимдүү өкүлү болууга чакырды

Перизат Кутманалиева 26-декабрь 2017, 09:36

Борбордук Азия жаңылыктары


Собчак Навальныйды шайлоодо ишенимдүү өкүлү болууга чакырды

Тележурналист Ксения Собчак саясатчы Алексей Навальныйдын президенттик шайлоого катыштырылбай жатканын “адилетсиздик жана бийликтин кезектеги катасы” деп атады. Ошол эле маалда ал оппозициячынын шайлоого бойкот жарыялоо чакырыгын колдогон жок.

Собчак Навальныйдын 2011-жылдагы бойкот пайда алып келбей турганын, тескерисинче президент Владимир Путиндин добуштарынын пайызын жогорулатарын айтканын эске салды.

"Мен Алексейге [Навальныйга] азыр кыйын экенин түшүнүп турам, бирок жалпы иш манилүү", – деп жазган Собчак Инстаграмга. Ал Орусиядагы демократиялык оппозициялык күчтөрдү биригүүгө чакырып, эгер талапкер катары каттоодон өтсө, Навальныйды ишенимдүү өкүлү болууга сунуштады.

Алексей Навальный “Бирдиктүү Орусияга” каршы кайсы гана партияга болбосун добуш берүү керек деген алты жыл мурдагы позициясынан баш тартты. Азыр ал башкаларга добуш берүү – Путинге добуш берүүгө барабар деген пикирде.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-декабрда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын талапкерлигин каттоодон баш тарткан. Дүйшөмбүдө жыйынга чогулган комиссия мүчөлөрү бул чечимди активисттин буга чейин шарттуу соттолгону менен түшүндүрүшкөн.

Булак: "centralasian.org"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549