www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аксы райондук электр тармактар ишканасы энергетиктердин майрамы күнү жаңы имаратка көчүп киришти

Гүлжан Шерипбаева 22-декабрь 2017, 12:36

Экономика


Аксы райондук электр тармактар ишканасы энергетиктердин майрамы күнү жаңы имаратка көчүп киришти

Аксы райондук электр тармактар ишканасынын жаңы имараты ишке берилди. 2015-жылы “Жалалабатэлектро”ачык акционердик коомунун планына киргизилип, тендер жарыяланган.  "Мега континент” ЖЧКсы тендерден утуп алып, 2016-жылы курулуш иштерин баштаган. Энергетика кызматкерлеринин майрамы күнү Аксы районунун энергетиктери жаңы жабдуулар менен толукталган эки кабаттуу жаңы имаратка көчүп киришти. Бул тууралуу маалыматты Жыпариза Рысбаева билдирди.

Ачылуу аземине жетекчилер менен бирге жергиликтүү эл да катышты. Жалал-Абад облусундагы бардык электр тармактар ишканасынын ичинен абалы талапка жооп бербеген, авариялык жагдайды түзгөн Аксы райондук электр тармактар ишканасы болгон. Бир гана Кербен  участкалык бөлүмгө ылайыкташтырылып 1960-жылы салынган, бөлмөлөр жетишсиз, эскилиги жетип калгандыктан, жаңы имарат салуу зарылдыгы туулган. “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому өз каражатынын эсебинен курду.  

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549