www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурсултан Азыкбаев, ырчы: “Бизде шоу-бизнес эмес, той бизнеси кызуу өнүгүп жаткандай...”

Перизат Кутманалиева 20-декабрь 2017, 12:59

Маданият жана адабият Маек


Нурсултан Азыкбаев, ырчы: “Бизде шоу-бизнес эмес, той бизнеси кызуу өнүгүп жаткандай...”

Таланттуу үй-бүлөнүн эң кенжеси, сахна үчүн жаралган жаш аткаруучу Нурсултан Азыкбаев менен болгон чакан маекке назар салыңыздар!

- Нурсултан, былтыркы жылы чыгармачылыкка кызуу киришип иштеп баштадың эле. Быйыл кайра тынчтанып калгандайсың... Эмнеге?

- Туура, айтасыз. Анын себептери сөзсүз түрдө бар. Мен башка ырчыларга окшоп тез-тезден ыр жаздырып, клип тартпайм. Бир ыр жаздырсам да анын үстүнөн бир айдан ашык убакыт иштейм. Өзүм студияга эмгектенип, кечкисин кабактарда ырдагандыктан ырдын ар бир нотасына маани берип, өзгөчө көңүл буруп жарыкка чыгарам. Мына ошондуктан мен көпчүлүк үчүн иштебей жатат ырчыларга окшоп калам.

- Көптөгөн эл аралык сынактарга катышып, кыргыз элинин маданиятын көтөрүп жүрүүдөсүң. Алдыда сени кандай сынактар күтүп жатат?

- Мен катышкан ар бир кароо-сынактар менин жашоомдун бир бөлүгүн ээлеп алгандай. Айрым учурда “Болду катышпайм” деп чечим чыгарсам да, кайрадан эле катыша берем. Ар бир сынак менин келечегиме чоң жолдорду ачкан десем жаңылбайм. Алар ар дайым мага жаңы эмоция, жаңы жашоо, таанышуучулар, өзгөчө жаңылык тартуулап менин көзүмдү ачып турушат.

- Кыргыз шоу бизнеси тууралуу эмне айта аласың?

- Бизде шоу-бизнес акырындык менен өркүндөп келе жатат. Бирок, той бизнеси кызуу өнүгүп жаткандай. Себеби, азыр той үчүн ыр жаздырып, акча табууну көздөгөн ырчылар көп. Алар той менен эле чектелип калып жатышат. Ал эми кыргыз маданияты, угармандар үчүн эмгек кылып келе жаткан ырчылардан да кур эмеспиз. Мен өзүмдү ырчы эмес, музыкант катары көрөм.

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

 

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549