www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мигрантка телефон чал” аттуу акция башталды

Перизат Кутманалиева 18-декабрь 2017, 12:58

Коом Миграция


“Мигрантка телефон чал” аттуу акция башталды

18-декабрь - Эл аралык мигрант күнүнө карата Ош жана Жалал-Абадда “Мигрантка телефон чал” деп аталган акция башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруп жаткан ISEDA коомдук фондунун өкүлү Айнура Мамажунус кызы “Азаттыкка” билдирди.

Акциянын алкагында миграция боюнча адистер жана юристтер Жалал-Абад шаарында жана Ош шаарында, эки облус аймагындагы калктуу конуштарда жана эл көп топтолгон базарларда мигранттарга жана алардын жакындарына укуктук кеңештерди беришет. Долбоордун алкагында мигранттардын туугандары Орусияда, Казакстанда иштеген жакындарына акысыз телефон чалып, адистер менен чогуу көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылышат.

Мунун менен бир нече мектептердин бүтүрүүчү класстарына миграция боюнча сабактар өтүлөт. Акция 22-декабрга чейин уланат.

ISEDA коомдук фонду бул долбоорду Эл аралык миграция боюнча уюму (IOM) менен биргеликте USAIDдин колдоосунда ишке ашырууда. Алар чет жакка эң көп мигранттар кеткен аймак катары Ош жана Жалал-Абад облустарын тандап алган.

Расмий маалымат боюнча чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылып жүрөт. 

Булак: "azattyk.org"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549