www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эрке кыз” эс алсын…

Майрамбек Каримов 15-декабрь 2017, 14:18

Саясат


“Эрке кыз” эс алсын…

Ушул жуманын башында президент Сооронбай Жээнбеков “эрке кыз” Элвира Сариеваны ээлеген кызматынан бошотту. Буга дейре “эт эмес же чел эмес” экенине карабай улам бир кызматка секирип, жакшы эле чалчаңдады. Алсак, чу дегенде эле вице-премьер министр болду. Жоопкерчиликтүү кызматтын жүгүн тарта албай  койгон соң, кызматтан төмөндөтүп билим берүү министри кылышты.

Тилекке каршы, ал жакты да жарыткан жок. Анан президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүн жетекчиси кызматына кондурушту. Күп өтпөй, президенттик аппарат жетекчисинин орун басары болуп көтөрүлдү. Айтор, Жээнбеков келгенче жакшы эле тайраңдады. Коомчулукта бул айым ишмердүүлүгү боюнча жылуу пикир айтылган деле жок. Эми эс алсын…

Булак: "Фабула"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549