www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Центерра” Кыргызстандан кутулуунун жолун издеп жатканы анык болду

Гүлжан Шерипбаева 08-декабрь 2017, 20:44

Экономика


“Центерра” Кыргызстандан кутулуунун жолун издеп жатканы анык болду

Кумтөр кенин иштетип жаткан канадалыктар “Центеррада” 26% үлүшү бар Кыргызстандан кутулуунун айласын издеп жатыптыр. Буга негиз катары айтсак, кечээ, 7-декабрда өкмөт башчы Сапар Исаковдун жазмакерлер менен жолугушуусунда айткандары себеп болду.

Дегеним, аталган кен боюнча пикирин билдирген өкмөт башчы: “Биз Кумтөрдү 100 пайыз “Центеррадан” алсак болот. Бирок “анда “Центеррадан” чыгып кетишиңер керек” деген маселе көтөрүлүп жатат. Балким Кыргызстан бир аз тыйынын кошуп бериш керек, чоң тыйын эмес. “Центеррадагы” 26 пайызды өткөрүп беришибиз керек. Эгер мен популист болсом, дароо эле мындай сунушка макул болмокмун”, – деп, учурда эксперттерге сунушту изилдеп көрүү боюнча тапшырма берилгенин жана бул чечимдин үстүнөн баарыбыз ойлонушубуз керектигин баса белгиледи.

Бирок, Сапар мырза айткандай, кыргыз өкмөтү сунушту талдап, ойлонуп дагы көрбөшү керек. Тескерисинче, канадалык компаниядагы үлүшүн көбөйтүүнүн үстүндө иш алып барса ошондо утабыз. Анткени, “Центерра” компаниясы Америкадагы “Томсон Гриик” жана Монголия менен Түркиядагы башка кендерди дагы иштетүүдө. Мындан сырткары дагы эки кенди сатып алууга ниеттенип жатканы маалым. Ал эми бул кендердин бардыгы “Кумтөрдөн” түшкөн пайданын эсебинен сатылып алынган.

Буга улай, дагы бир жагдайга токтолсок, “Кумтөр” кениндеги алтын 2026-жылы түгөнөрүн өгүнү өкмөт мүчөлөрү канадалык компаниянын маалыматына таянып билдиришкен. Ал эми бул аралыкта тапкан пайдабыздын көбү кайра эле кендин ордун калыбына келтирүү иштерине жумшалмакчы. Андыктан канадалык компаниянын сунушуна көнсөк анда даана апенди биз болобуз. Акаевдин тушунда алдыбызда турган ашты алдырып жиберип апенди атка конгонубуз эле жетишээр деген үмүттөмүн…

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549