www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскар Акаевден Ала-Букалык Барчын Наралиева сыйлык алды

Гүлжан Шерипбаева 08-декабрь 2017, 19:03

Миграция


Аскар Акаевден Ала-Букалык Барчын Наралиева сыйлык алды

Мекендештер: А.Акаевден сыйлык алган 22 жаштагы Барчын Москвада элечек кийген кыздардын бий тобун ачты Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Келте айылында өскөн 22 жаштагы Барчын Наралиева Москва шаарында кыргыздардын маданият борборунда эмгектенип жатат. Ал жерде улуттук кийимдерди тигип, көргөзмөлөргө алып чыгат.

Бул кызматынын арты менен мурунку президент Аскар Акаев менен жолугуп, анын колунан сыйлоо баракчасын алганын кошумчалады. «Узчулук өнөр биздин каныбызда бар. Апам, тай энем, чоң энем баары аялдарга эң керектүү кесиптердин бири болгон чеберчиликти жакшы өздөштүргөн. Аларды көрүп мен да өз алдымча тигүүчүлүк иштерди жасап көрдүм. Ош шаарында жогорку билим алып, аны аяктагандан кийин Россияда бий тобун ачтым. Ага Москвадагы кыргыз кыздар тууралуу жакшы пикирлер аз айтылып калганы себеп болду. Элдин бул оюн өзгөртүү максатында өзүбүздүн нукура баалуулугубузду сактап калгандар да бар экенин көрсөткүм келди. Узун көйнөк кийбей калды дегендерге жооп кылып, улуттук кийимдерди өзүм тигип, башына элечек кийгизип, бийчилеримди сахнага чыгарчумун. Бул аракетим текке кетпей, аз болсо да элдин оюн өзгөртүүгө салым кошо алдым. Ушул сыяктуу жумуштарым менен ал жактагы кыргыздардын маданият борборуна аралашып, туңгуч президент Аскар Акаев менен жолугушууга, аны менен бирге тамактанууга, ал кишинин колунан сый баракчасын алууга жана мактоосун угууга жетиштим», - деди Барчын.

Жаш мекендешибиз көп кырдуу талант. Өзүнүн ачкан бий тобу менен кошо бийлеп, аларга форма тиккенден сырткары жаа атуу боюнча салбурундарга катышып келет.

Булак: alabuka.com


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549