www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйшөнбек Зилалиев: "Улутташтырылган 47 мүлктүн 21 объекти жеке менчикке сатылышы мүмкүн"

Айнура Абдиназарова 07-декабрь 2017, 16:18

Саясат Коом


Дүйшөнбек Зилалиев: "Улутташтырылган 47 мүлктүн 21 объекти жеке менчикке сатылышы мүмкүн"

Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин натыйжалуу башкаруу маселесине арналган өкмөттүк күндүн жүрүшүндө бир катар депутаттар буга чейин улутташтырылган мүлктөрдүн азыркы абалына, бул багытта көрүлүп жаткан чараларга, аларды күтүүгө чыгымдалган каражаттын өлчөмүнө кызыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, ушу тапта мамлекеттин карамагында 47 улутташтырылган мүлк турат. «Алардын ичинен 26 мүлк мамлекеттин өзүндө калды: 11 имарат, 2 жер участкасы, 5 автоунаа жана мүлк топтому. Ал эми 16 объект ишенимдүү башкарууга берилди», - дейт ал.

Ошондой эле, мамлекет тарабынан улутташтырылган 47 мүлктүн ичинен 21 объект жеке менчикке сатыла турган мүлктөрдүн тизмегине кирген. Андан тышкары, улутташтырылган мүлктү күтүүгө бюджеттен бир да тыйын жумшалбай турганы, алар өзүн-өзү камсыз кылууга тийиш экени белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549