www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакут Сыдыков той өткөрүп элдин батасын алды

Гүлжан Шерипбаева 07-декабрь 2017, 16:30

Маданият жана адабият


Жакут Сыдыков  той өткөрүп  элдин батасын алды

Куудул, аткаруучу жана обончу Жакут Садыков уулу Даудка той берип, жакындарын чакырды."Уулум Даудка тушоо той бердим. Той,тойго уланып бошобой эле жүрөм. Той сонун болду. Мага жакты. Жаратканга жайнаган шүгүрлөрдү айтып, кубанып турган чагым. Эл чогултуп бата алганым, жашоомдо биринчи жолу болду. Жерде жаткан жумуртка асмандагы куш болот демекчи. Бир кездеги жалгыз кемпирдин баласы, эми жалпы Кыргыз элинин баласы болуп, бакытка балкып турган чак. Ортобуздагы апам, төрөгөн апам. Ак сүтүн эмизип, ак бешике бөлөгөн апам. Өз баласын бергизи келбесе да, атама баш ийип, кыялыма, кылыгыма тойбой турган чакта мени өз кайын эжесине берди. Апакемдин бул эрдигин баатыр деп баалап таазим этем. Мени багып алган апам бир да наристе төрөбөптүр. Ал апамды, эне болуу бактысына ээ кылды. Рахмат апа. Айкөлдүгүңүзгө, баатырлыгыңызга, сабырдуулугуңузга рахмат. Энемден, элимден алган батамды ылайым эле кабыл кылсын. Тойго чакыра албай калгандарыман кечирим сураймын. Санаалаштар көп, баарын чогулта албадым. Той артынан той болуп буйурса, дагы далай тойлошобуз буйурса. Ал эми чакырылып келбей калгандар, кыжаалат болбогула. Элдин батасына кошуларыңарга ишенем. Мен баарыңарга ыраазымын. Тойго келгендер, кемчилик каталар болсо кечирип, ыраазы болуңуздар. Мен сиздерге ыраазымын. Эми бир далайга, жакшылыгымдагы сүрөттөрдү жүктөп турам го дейм.Тойлор жугушту болсун!, - деп тилек айтты Жакут мырза.

Кыскасы той тойдой өттү, биринчи кабат "адал" той, экинчи кабат "ал-ал" той болду. Жакут Сыдыковдун тушоо тоюндагы кызыктуу маалыматтар жакын арада.

 Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549