www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Отунбаева эмне үчүн ант берүү аземине чакырылбады?

Айнура Абдиназарова 07-декабрь 2017, 14:24

Саясат


Отунбаева эмне үчүн ант берүү аземине чакырылбады?

Коомдук пикирди жаратуу үчүн ар бир жазмакер көз майын коротуп, кыйла аракетин жасайт. Айрыкча жаңы президенттин инаугурациясына чакырылгандар боюнча ар түркүн кептер чыкты. Эмне үчүн бир жарым жыл болсо да президент болгон Роза Отунбаева бул салтанатка катышкан жок деп наалыгандар мындан кийин деле боло берет. Эми андай суроону азыркы бийликтин арыгына кум куйгусу келгендер бергенин деле таналбайбыз. Ал тургай батыштын токочуна курсагын тойгузган каналдар заматта апчебизди төрүнө чакыра салып ой-толгоосун эшитишти. — ​Мени чакырса да бармак эмесмин. Санаалаштарым түрмөдө отурса кантип тигилер менен жанаша отурмак элем, — ​деди Отунбаева агынан жарылып.

Анда эмесе ушул кебинин төркүнүн чечмелей кетели мынчалык болду. Ооба, өтө оор кырдаалда Р. Отунбаева бийликтеги биринчи адам болгонун тана албайбыз. Ошондо эркекмин деген саясатчылардын ичинен эч кимиси өлкөнү башкарууга дааган эмес. Түптөнүп калган Бакиевдер капыстан келип калса эмне деген каран түн башыбызга түшөт деп элеңдешкени деле калп эмес. Ушундай ыйкы-тыйкылыктан улам ылайыктуусу эле Роза апчебиз болгон. Албетте, жаман иштеген жок, колунан келгенин жасады. Аягында убада боюнча бийлигин көпчүлүк добуш менен шайланган Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берди. Эгерде өзүнө ишенсе Өмүрбек Текебаев деле ошондо ат салышууга шарты бар болчу. Бирок, ал негедир кетенчиктеп койду. Анын үстүнө Атамбаевдикиндей каражаты, электораты да, акчасы да жок эле. Бийликтин тизгини колуна тийген Алмазбек мырза апчесине чаң жугузбай баардык ыңгайлуулуктарды түзүп берди. Каерге барбасын жанына аны кошуп алып, сыйын көргөздү. Кызматы эле болбогону болбосо Роза айымыбыз жакшы эле дооранын сүрдү.

Акыйкатында Атамбаевдин таскагы катуу чыга баштады. Иштин көзүн аныктап алган соң мамлекеттеги омоктуу маселелерди чечүүгө жанын үрөдү. Баягыл пикирлештеринин салам-дубайларын, өтүнүчтөрүн ылайыгына карап чече баштаганы тигилердин жинин кашайтты. Эмнеге эле биздин айтканыбызга тетирленип калды деп башкача чарага барууну көздөштү. Арийне, тишин чакпасам элеби дегендердин сап башында кадимки Ө. Текебаев туруп, ар кандай амалдарды колдонуп убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн президентке каршы үгүттөөгө кам урду. Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Роза Отунбаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова сыяктуу мүчөлөрү акыры Өмүкенин азгырыгына чалынып беришти. Булар лидердин дымагына, өжөрдүгүнө катуу ишенишкен. Жалгыз калды делген ажонун башына “кап” кийгизип, бутуна кишен салабыз, эч жакка качырбайбыз деген Текебаевдин каарына ишенбөөгө айласы калбай калган булардын. Ал эми башчылык милдетти мойнуна алган Текебаев болсо кайсыл каналга барбасын өзүнүн теке, эркек экенин эскертип, ажонун мийизин майтарууга жанталбастаганы коомчулукта ар кандай пикир жаратты. Анын тарапташтары мына жакын арада ажонун ойрону чыгат, анын ордуна биздин киши келет деп соктурганын көргөнбүз. — ​Сени каалаган жерден кармап алып, сазайыңды берем деп теке оолукмасын кармата берди. Акырында импичмент жарыялап Атамбаевди төңкөрөбүз деген амалына чыдоо мүмкүн эмес эле.

Эмнеси болсо да бийликтеги биринчи адамды айдап салууга багыт алган топ улам шамалын ызылдатып, капталдан чыгууга, колдон келсе жаактан ары чабууга киришти. Башкы шылтоосу Конституцияга бурулуп, аны оңдоткуча колуңа өлүп беребиз дегендей ишааратын билдиришти. Ушундай кыл чайнашкан мезгилде эмне үчүн акылдуу делген Роза апчебиз эки эрендин быкшып калган чогун ынандырарлык кеңеши менен өчүрүп коюга киришкен жок. Эгерде таразага салып, калыстык иретинде ортого түшсө мынчалык “канжар” терең сайылмак эмес. Бир жактуу болуп туруп алгандыктан элге минтип “жакшы” көрүнүп алды десек чекилик болбойт. Ошондо эрегишкендерди элдештирүүгө жараганда бирөөсүнө доомат коюлуп абакта жатмак эмес. Калкыбыз да тирешкендердин демин суутууга жараган бакубат апчебиз бар турбайбы деп ого бетер кадырлап калмак. Андай иштин “автору” болгондо азыркыдай сурактарга эмес, сыйлуу жердин башкы коногу катары бааланмак. Аттиң, ушундай биримдикке жол салууга баралбаган бир кездеги мамлекетти башкарган кишиге анан кантип ичиң жылысын? Керек кезде кээ бир жигиттер кылалбаган эрдикке ак жоолугун ортого таштап, жоолошкондорду элдештирген аялдар деле болгонун кантип танабыз? Тилекке каршы элди убактылуу болсо да башкарган Роза Отунбаева антип тарыхта калалбады.

Анан чектен такыр чыгып бараткан кичине топтун мурдуна чүлүк салып койбосо абал татаалдашып кетерин сезген ажо өз дараметин чегерүүгө аргасыз болду. Анткени айдарым соккон желден шамал, керек болсо бороон жаралары маалым эмеспи. Мурдагыдан кыйла майланып, капчыгын дөндөйтүп, унаасын жаңыртып, галстугун түрлөп алган Текебаевдин пландары барган сайын катуулап, безген мурдагы падышалар менен ымалакташып, бул жердеги таарынычы бар атка минерлердин безине сайып томолоктошуп, аларды кайраттандырып чабуулун жасоого бет алды. Кезинде үлкөн кызматта болуп жемкордугу үчүн качып кеткендерди артына учкаштырууга жарады. Андайлар да илгери үмүтүн артынып, балким келме кезек болуп кетсе кыргыздын топурагын жыттап каларбыз деп кулагын тикчийтишти. Артты карай жол жок, биз бийликтеги билермандарды муз үстүндө бийлетебиз деген принципти карманууга бел байлашты. Эки жолу хандарды кетирип тажрыйба топтогонбуз деп опурулгандар Атамбаевдин командасын деле коңторуп түшөбүз деген үмүтү тулку боюна орногон ошол кезде. А чынында күч бирдей эместигине баа беришпеди.

Баарынан да эгемендүүлүк майрамынын алдындагы убактылуу өкмөттүн Кайрылуусу президентти селт эттирди. Көкүрөгүнө сайылган жебенин “уусу” бүткүл денесине тарап кетелекте булардын тизгинин тартыш керек деп уктабай чыккан президенттин эртеси аянтка келгени тигилерди бушайманга салды. Анткени укмуштуу кайрылуудан кийин чыдай албай ачуудан сеп этип “ногдаунга” кетет деген “прогнозу” акталбай калды. Чамасы мурда ажонун сырын билгендер он жыл мурдагыдай баалашса керек. Жоопкерчиликти мойнуна алган мамлекеттеги биринчи адамдын кулк-мүнөзү, табити, көз карашы башкача болуп каларын булар кайдан билсин? Так ошол майрам күнү (эки жыл мурда) президент калкынын алдында булардын жүзүн ачып салып, кокуйлатты. Ичиндеги бугун, бийлик бутактарында жүргөн эпчилдердин нак жүзүн, азыркы абалын, алдым-жуттумдугун төгүп салып, итке таланган адамдын кейпин кийгизди. Ошондо трибунада турган Роза Отунбаева денесин араң аянттан алып чыгууга үлгүрдү. Антсе да аны резиденциядан кууп чыкпады, пенсиясын кыскартып өч албады.

Кантсе да кыргыз өлкөсүнүн президенти өз намысын, ариетин булгатпоого, чектен чыккандарды тартипке чакырууга дитин бурду. Кабат-кабат болуп сакталып турган ”сырдуу” кагаздарды кыймылга келтирип, тийиштүү тармактарга тапшырмаларды берди. Капка катылган “шибегелер” чубалып биринин артынан экинчиси чыга баштады. Мурда ботас кийип, бирөөнүн эсебинен тамеки чегип жүргөндөрдүн былыктары чукула баштаганда кокуйлаганды көрүп ал! Жаштыгына салып, ушулар менен кошо “кыяматтан” чыгып кетем дегендердин да чекесине эн тамга басылып, ким экендиги аныкталды. Эми алар ишенген кожосу менен чогуу темир тор артында күн санап отурушат. Санаа баскан “мыктылар” болсо эртең кандай күнгө туш болобуз деп түн уйкусу бузулган учуру. Болгону Роза Отунбаева менен Эмилбек Каптагаев дале болсо Алмазбек Атамбаевдин огородуна таш ыргытууга кызыктар. Негизи апчебиз абдан туура айткан:-Мен кантип тигилердин арасында отурмак элем, санаалаштарым, үзөңгүлөштөрүм түрмөдө жатса деп. Кана элестетип көрөлүчү, Отунбаеванын Раисанын жанында отурганын. Бул деген парадокс болмок. Ошондуктан аны тизмеге киргизүүнүн кажети жок болчу. Өзү да чыдап отура албайт эле. Ал эми мөөнөтүндө кызматын абийири менен тапшырып кеткен ажонун, ошол эле Отунбаеванын мамлекетке кандай салым кошкону боюнча сөз башкача нукта болорун айта кетели. Кепти сынынан, чынынан бузбай айтуу биздин алдыбыздагы милдетибиз. Бурмаланган, бирдемкеге байланган сөздүн таасири эч убакта оң мааниге ээ болбойт.

Булак: Ачык сөз


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549