www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн “Түндүк электр” ААК Бишкек шаарындагы 1 500 турмуш-тиричилик абоненттердин электр жарыгын өчүрүүнү мерчемдөөдө...

Майрамбек Каримов 07-декабрь 2017, 13:09

Экономика


Өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн “Түндүк электр” ААК Бишкек шаарындагы 1 500 турмуш-тиричилик абоненттердин электр жарыгын өчүрүүнү мерчемдөөдө...

Дүйшөмбү күнү, 11-декабрда, “Түндүк электр” ААК өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы 1 500 турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосун өчүрүүнү мерчемдөөдө, алардын карыздары 8 млн.сомго жакын каржыны түзөт. Кыш мезгилинин ызгаар суугунда ыңгайсыздыктарды жаратпаш үчүн акционердик коом дебиторлорго тез арада карыздарын төлөөнү сунуштайт.

“Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI»  электрондук капчыктарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт

“Түндүк электр” ААК басма сөз кызматы    Тел. 33-85-97, факс 33-87-38

se.kgwww.facebook.com/ОАО «Северэлектро», severelectro@mail.ru

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549