www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каптагаевдин каптама оюндарынын төркүнү эмнеде?

Айнура Абдиназарова 07-декабрь 2017, 13:07

Саясат


Каптагаевдин каптама оюндарынын төркүнү эмнеде?

Саясаттын капшытында калгандар эптеп үнүн чыгарып калууга жанын үрөйт. Кичине эле жылт эткен тешиктен болсо да мен бармын азырынча, көмүлө элекмин деген добулбасын кагууга аракетин көрө берет. Бирок, коомчулуктун ириңине айланып калгандар канча чебелектесе деле добушу кумурсканыкындай болуп көпчүлүктүн кулагына угулбайт. Ага деле болбой тилине ылайды чапташтырып алып үңүлдөй берүүгө аргасыз.

Кыргыз мамлекетинин тарыхында биринчи жолу падышалык тактыны Конституциянын ишааратына ылайык бап келтирип тапшыруу болгонун дүйнө коомчулугу байкады. Алты жыл эл кызматында болгон Алмазбек Атамбаев бир мүнөт да ордунда ашык отурбай жаңыдан шайланган Сооронбай Жээнбековго президенттикти өткөрүп бергендиги чыныгы демократиянын үлгүсү десек болот. Эми ушундан да өөн табууга алектенгендер болгону ичиңди эзип жиберет. Баягыл эле жалтырак башын дубалга ургулаган Эмилбек Каптагаев көралбастыгы менен капталдан чыгып топтолгон бугун көккө үйлөп алды. Анын кебине ишенсек Атамбаевди тумшуктууга чокутпай, этегине байырлатып ажо кылган Роза апчеси имиш. Көрсө Алмазбек деген түндүктөн түшүп келип эле ак үйдүн төрүнө отуруп алыптыр. Жалпы шайлаган элди деле Эмикең эсине алгысы келбейт негедир.

Бүткүл журтчулук жаңы салынган жолдун эпке келгенине сүйүнүп жатса Каптагаевге окшогон аксымдар бутуна жем түшүп кеткендей титиреңдеп, аксаңдайт. Буга эмне себеп болгонун деле кыстара кетели. Башында кызматта жүргөндө ушул эле киши бийликке чаң жугузбай лепилдеп турган. Керек болсо башына бензин чачып, губернатор кезинде сендейлерди өрттөйбүз деп каардангандар болгону деле чын. Ошондо тополоңчуларды жер менен жексен кылууга даяр эле. А бирок, тегирменинин ташы тескери айлана баштаганда оозун кир чүпүрөк менен сүртүп башкача жооруй баштады. Анын өмүрүнө коркунуч келтиргендерди бийликтен сүрүлүп кеткен соң аппак кылууга жан талашты. Ушундан эле анын жүзү көп кырдуу экенине шек саноого болбойт. Айтор, азыркы саясий жүрүштөрү таптакыр калыстыкка дал келбейт. Каерде болсо да Отунбаеванын арыгын чаап турбаса башы ооручу болгону ырас.

Эзели денесин ыктабаган шектүү башчымын дегендерге жакындап, алардын мурутун кыбыратууга ышкысын козгоп, чебелектейт. Буга эмнеге кызыгат? Анткени аны бийликтегилер оома адатынан улам жандарына жакындатпайт. Эгерде бир калыпта жүрө бергенде жок дегенде теплицага бригадир кылып коюшмак. Көзүн жүлжүйтүп эле сырайта сын айтып калган кишини ишенип кароолчу кылууга да эч ким даабастыр? Ошондуктан ормон опуза кылгандан башка аргасы калбады. Мына эми ага дагы баш оорутма “аянтча” пайда болду. Мындан ары карай Сокенин тегерегинде компраматтарды жайылта баштайт. Мунун деле жөнүн билүүгө ой жүгүртүүнүн кажети жок. Анткени Эмикеңдин ичинде илдет пайда болгон асылмай деген. Чамда, Каптагаев жаш муунчулардын алдында каласың аракетиңди кылбасаң…

Булак: Ачык сөз


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549