www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Махабат Мавлянова, депутат: "Баласын тепкен атага карата козголгон кылмыш ишин башка берене менен кароо керек"

Айнура Абдиназарова 07-декабрь 2017, 11:52

Саясат


Махабат Мавлянова, депутат: "Баласын тепкен атага карата козголгон кылмыш ишин башка берене менен кароо керек"

Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө Махабат Мавлянова жакында өз баласын тепкилеген Бариер Адиев аттуу адам камакка алынып ага 234-берене боюнча «бейбаштык» кылмыш иши козголгонун эске салды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштейт экен. Кенедей баланы тепкилегенине караганда, Адиев мындай зомбулукту биринчи жолу жасап жатпаса керек. Менимче, ага өтө жумшак берене коюлуп калды, аны кыйла катуулатуу зарыл», - дейт депутат.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 10 айында балдарга карата зомбулук фактылары боюнча 862 кылмыш иши козголгон. Тилекке каршы, бул ачыкка чыккандары гана, а жымсалданып калгандары канча?

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549