www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: Нарында 3 алтын кени сатылды...Сат, сат, са-ааат...

Гүлжан Шерипбаева 07-декабрь 2017, 11:51

Экономика


ВИДЕО: Нарында 3 алтын кени сатылды...Сат, сат, са-ааат...

Нарында үч алтын кени 1,8 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктарды колдонуу мамлекеттик комитети кабарлайт.

Аукциондун жыйынтыгында Кичи Нарын тилкеси боюнча алтын кендин лицензиясын «Эгиз-Суу» ишканасы жеңип алган. Башкача айтканда, 53 миң долларга сатып алган.

Ал эми «Биринчи» кенин колдонууга уруксатты «Тусан мининг» 1 миллион 780 миң долларга сатып алды.

Үчүнчү алтын кени «Улан» аянтчасынын лизенциясы 31,6 миң долларга «Базис Голд» ишканасына берилди.

«Кумтөр», «Жерүй» алтын кендери боюнча нааразычылык күчөп турганда, башка алтын кендерин сатуунун зарылдыгы жок эле. Минтип отурушса, мамлекетти дагы сатып жиберишет го…Бул тууралуу маалыматты Фабула гезити жазып чыкты. 

Кыргызстандагы учурдун аткаминерлери Кыргызстандын жана кыргыз элинин келечегин ойлоп деле койбойт сыягы. Жакын арада эле Кумтөрдөгү мөңгүлөр "садага" чабылды. Ушакчы парламент өкүлдөрү "кнопканын" гана тагдырын чечпесе, телмирип эле "аташкасынын" буйругун күтөт "байкуштар".  

Кыскасы Дооронбек агабыз айткандай, "кыргыз эли бешенбиз шор эмей" эле, "бешенебизге эшек тепкен" го...Сагынбек Момбеков айткандай "сат, саткыла", Кытайда кирпик жасайт, колтугуңардын жүнүн саткыла АТКАМИНЕРЛЕР. 

Эмил Эрнис, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549